5-январга карата аба ырайы

5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14;

​Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2°.