Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашкандай Кыргызстандын түштүгүндөгү Алай тоо кыркаларында түнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит жана Карамык айылдарында 2-2,5 баллга жеткен. Институттун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу КРдин аймагында болуп, аталган айылдардан 26-28-чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3,7 баллга жеткен. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.