Султан Жумагулов: «Чоңдорго чапан жапкан адаттан арылуу керек»

Чоңдорго чапан жаап, калпак кийгизүү адаттан айрылышыбыз керек. Мындай сунушту Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов айтып чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдирген маалыматына ылайык, Жумагуловдун мындай кайрылуу жасоосуна маданият мекемелеринин биринин жетекчилиги министрди жаңы жылы менен куттуктап, үстүнө кийит кийгизгени себеп болгон.

Мага андан көрө системаны оңдоо боюнча идеялар менен кайрылгыла деген Жумагулов:

— Кесир болбосун, бирок, чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карылык дооронун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын жыртып келе бересиздер го. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек да, — деп билдирген.