Арменияда кыргызстандык кыз экинчи кабаттан кулап кетти

Ереванда 29 жаштагы кыргызстандык жаран экинчи кабаттан кулап кеткенин Sputnik Армения жазып чыкты.

Кырсык 3-январда болгон. Жергиликтүү убакыт боюнча 05:30да (03:30 Бишкек убактысы) тез жардам кызматына бул тууралуу билдирүү түшкөн.

Билдирүүгө ылайык, котормочунун жоктугунан полиция кыргызстандык кыз менен сүйлөшө алган эмес.