Ош аэропорту тумандан улам убактылуу ишин токтотту

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынын билдиргенине ылайык, коюу тумандан улам «Ош» аэропорту  убактылуу ишин токтотту.

Аэропорт саат 9:00дөн тарта учактарды кабыл алган жок жана эч бир учак учурган эмес.

Жүргүнчүлөр өз каттамдарын «Ош» аэропортунун сурамжылоо номери (03222) 9-01-01 аркылуу тактап алса болот.