Вторник, 23 апреля, 2024
15.1 C
Бишкек

Органдарды алмаштырууга түрк дарыгерлери жардам кылат

Органдарды трансплантациялоо иштерин текшерүү боюнча жумуш топтун алгачкы жыйыны өттү.

Кыргызстанда адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо боюнча жасалып жаткан иштердин абалын текшерүү боюнча Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жумуш тобунун мүчөлөрү Түркиянын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын Президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Жыйынга катышкан Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган маселе боюнча маалымат берип, тармактык министрликтин жолдомосу менен Түркияда трансплантология адистиги боюнча жалпысынан 65 адис окуп, 33 стажировкаларын аяктап, 32си окуусун улантып жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча 50гө жакын операция ийгиликтүү жасалып, тизмеде дагы 120 адам бар», — деген министр жакынкы арада жилик чучугун трансплантациялоо боюнча операциялар башталарын кошумчалады.

Өз кезегинде доктор Ахмет Кызылай университеттик клиниканын трансплантология тармагындагы көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирип: «Биз трансплантология бөлүмүнүн ишин уюштурууга, адистерди окутууга жардам берүүгө даярбыз», — деди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар