Бостеридеги өрттүн келип чыгуусу боюнча божомол айтылды

7-январда эртең менен Бостеридеги “Осьминог” рестораны өрттөнүп, тилсиз жоодон жанаша жайгашкан эки мейманкананын чатырына да зыян келген.

Облустук милициядан билдиришкендей, алдын ала иликтөөлөр өрт чыккан имаратта газ баллондор бар экенин көрсөткөн. Ошондон улам «газ жарылган болушу мүмкүн» деген божомол каралууда.

Азыр өрттүн чыгымдары такталууда, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Укук коргоо органдары өрттүн так себеби экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана белгилүү болорун билдирип жатышат.

Ошондой эле кафенин кожоюнунун өздүгү такталды, ал Чүй облусунун Лебединовка айылынын 1988-жылы туулган А.Иноят деген тургуну болуп чыккан. Мурда коомчулукта имарат депутат Өмүрбек Бабановго тиешеси бар экени айтылып жаткан. Бул маалымат азырынча ырастала элек.