Вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлиги сунушталууда

Өкмөт башчысы Сапар Исаков вице-премьерликке Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси Санжар Муканбетовду көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги 9-январда парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат.

Эгер аны комитет жактырса, акыркы чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынат.