Пятница, 29 марта, 2024
6.1 C
Бишкек

Газ жарылып, бир адам набыт болду

1-март күнү эртең менен Өзбекстандын Бухара шаарында автоунаа тетиктерин саткан дүкөндөрдүн биринде газ жарылды. Анын кесепетинен имараттын биринчи кабатынын 2 бетон плитасы кулап, бир адам каза болуп, дагы бири жаракат алды.

«Жарылуунун себептери жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Кырсык болгон жерде өрт болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде куткаруучулар, ички иштер жана прокуратура кызматкерлери иш алып барууда.

Алдын ала териштирүү иштери жүрүп жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар