Бишкек шаардык №1 ҮМБнун директору А.Шакиров кызматынан алынды

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Анын кызматтан алынышын талап кылган дарыгерлер министрликтин имаратынын алдында тынч митинг өткөрүштү. Жыйынтыгында митингге чыккан кызматкерлерди министр кабыл алып, маселеге чекит койду.

КР Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиевдин 8-январдагы приказы менен аталган медициналык борбордун директору Шакиров Айдар Алдаярович кызматынан алынды. Шакиров кызматка келгенден тартып, эмгек жамаат экиге бөлүнүп, нааразычылыктар тынбай болуп келген. Медициналык борбордун кызматкери дарыгер Элвира Чудубаеванын айтымында, “А.Шакиров ар бир кызматкерден миң сомдон “отметка” үчүн акча бересиңер деп талап кыла баштаган. Мындай жоругуна 9 айдан бери чыдап келдик. Буга чейин дагы көп жолу арыздар менен кайрылып келгенбиз. Директордун мындай жоругуна укук коргоочулар дагы өз баасын беришет деп ишенебиз”- дейт, Э.Чудубаева.

Ал эми КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын  маалыматы боюнча, анын ишмердүүлүгү буга чейин Ленин райондук прокуратура тарабынан иликтенип келген жана ишмердүүлүгүнө чара көрүлсүн деген сунуштар болгон. Мындан сырткары медициналык борбордун кызматкерлери аталган директор менен иштеше албай тургандыктарын билдирип, арыздар менен кайрылышкан. Жыйынтыгында директор кызматынан алынды.