Депутаттын үйүнөн курал уурдалды

ЖКнын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ош облусундагы үйүнөн эки куралды уурдап кетишкен. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнин жетекчиси Мурат Боронов билдирди.

Анын айтымына караганда, куралдар уурдалгандыгы тууралуу маалымат депутаттын агасынан түшкөн. “Уурдоо учурунда үйдө эч ким болгон эмес. Кылмышкерлер үйгө терезе аркылуу киришкен. Кожоюнунун куралдар боюнча бардык уруксат кагаздары бар”,-деп билдирди ал.

Аталган маалыматты депутат өзү да тастыктады. Анын айтымында, шартка байланыштуу депутаттын айылдагы үйүндө эч ким жашачуу эмес. Үйдү текшерүүгө барган депутаттын агасы үйгө ууру киргенин билген. Натыйжада эки аңчылык мылтык жоголгон.

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барышууда.