Бишкектен алыс эмес жерде жол кырсыгынан беш жаштагы бала энеси менен каза болду

Бишкектен алыс эмес Аламүдүн айылында бүгүн эртең менен жол кырсыгынан 5 жаштагы бала каза болуп, анын энеси оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал да каза болуп калган. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен таңкы саат 7:30 катталган. Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Алма-Ата көчөсү менен бара жатып, эки жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.

Кырсыктын натыйжасында беш жаштагы бала окуя болгон жерден каза болгон. 50 жаштагы аял Чүй облустук ооруканага жеткирилген. Айдоочу тез жардам кызматы жана укук коргоо кызматкерлери келгиче кырсык болгон жерде калган.

Ал эми каза болгон баланын энеси ооруканадан алган жаракаттан улам көз жумган.