Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан туризм багытындагы рейтингдин тизмесине кирди

Кыргызстан популярдуу Passion Passport саякат блогунун версиясы боюнча 2018-жылдын туризм багытындагы алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кирди.

Тизмеге туристтерге абдан жаккан 20 эс алуу жерлери камтылган. Жеңүүчүлөр туристтер берген баага жараша аныкталган.

Рейтингдин алдыңкы сабына Дания королдугуна караган Фарер аралдары кирген. Экинчини Пакистан ээлесе, үчүнчүгө Иран татыган. Ал эми 4-5-орундарды Сингапур менен Норвегиядагы Лофотен аралдары бөлүшүп алган.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн тизмеге Кыргызстан гана кирип, 18-орунду ээледи.

Passion Passport — саякатчыларды, фотографтарды жана блогерлерди бириктирген платформа. Анын Instagram тармагындагы баракчасы дүйнөдөгү эң мыкты 15 баракчанын катарына кирет.

Булак: Спутник