Талас: милиция жетекчилери иштебегендер үчүн да айлык алган деп айыпталууда

Талас облустук милиция башкармалыгынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу адамдары Кылмыш кодексинин 171 (ишенип берилген мүлктү өзүнө чегерип алуу жана жок кылуу), 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 221 (коммерциялык жана бащка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу), 350 (мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр, баракчаларды, документтерди жасоо, даярдоо жана колдонуу) беренелери менен айыпталып жатышат.

Алар 2017-жылдын март-декабрь айларында «коммерциялык банктын өкүлдөрү менен жең ичинен келишип алып, иштен кеткен кызматкерлердин Visa төлөм картасын Элкартка алмаштырган, андан кийин ага жасалма документ менен маяна катары которулган акчаны алып турган» деп шектелүүдө.

Башкы көзөмөл органы милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 742 миң сомдук зыян келтирилген деп билдирди.

Кылмыш ишти Талас облустук прокуратурасы козгоп, УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүп бергени белгилүү болду.

Булак: Азаттык