Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

 

Зумурат баш көтөрүп, күү ойногон кызды карады…

Бул күүнү биринчи жолу Күнайымдан уккангабы же жалгыз гана анын элеси менен жашап, оюнда да, түшүндө да Күнайым болгон үчүнбү, сокудай таштын үстүндө мойнун койкойто созуп, кыйгачтай отуруп алып ооз комуз каккан кыз ага кудум Күнайым түспөлдөнүп көрүндү.

Көздөрүн бекем жумуп, кайра ачты.

Ээгин саал өйдө көтөрүп, көздөрүн жумган кыздын эки бети ылдый жаш салаалап агып, көмөкөйүнөн чыккан күү кудум өгүнкүдөй жигиттин кулагынан кирип, боюна тарап, жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып, жүрөгүн козгоп, андан барып Жинди-Чаптын ичин күүгө, ырахатка бөлөп, сыбызгып жатты.

Күүнүн уккулуктуулугу – сыйкырынан улам жигиттин канча күндөн берки жы-гачтай болуп катып калган денеси жибип, араңжан бүлкүлдөгөн кан тамырларына кан чуркап, уктап калган ой-сезимдерине жан кирип, жашоого болгон ышкысы кичинеден баш көтөрүп, ойгоно баштаган сыяктанды…

“Күнайым?..” – деди оюнда. Бирок ал муну үн чыгарып айта албай койду. Тамагына томуктай бир нерсе кептелип калгансып, үнү чыкпай, ал түгүл карегин каканактаган ысык жаш каптап калды да, бир убакта булактап ага баштады.

Ордунан турууну ойлоп, а бирок кайра ошол отурган жеринен козголгусу да келбей, коргошундай уюду… Бул анын – угуп жатканы, көрүп турганы өңү эмес, түшү болуп калабы деп корккону эле.

Дүрайым жигиттин жанданып, өзүнөн көз албай тиктеп турганын сезди да, жан үрөп, күүнүн бар кайрыгын кастарлап кайрып, ар бир ыргактын уккулуктуу, жеткиликтүү болушуна аракеттенди. А бирок барган сайын муун-жүүнү бошоп, комуздун кылын кайрыган манжаларынан ал кетип, күү үйлөөгө дарманы азая баштаган болчу. Ичине толгон букпу, ызабы, арманбы, а балким ашыктыктын азабы же бактысы, кубанычыбы, айтор кандайдыр бир күчтүү сезим көөдөнүндө айланып-тегеренип,  сыртка  чыгаарга  арга таппай жүргөндөй тынчын кетирип, ан сайын кыз мына-мына азыр кооз комузун ыргырып жиберип, көмкөрөсүнөн жыгылып же учуп жетип Зумуруаттын кучагына кулап калгысы келип, көздөрү караңгылап, дарманы азайып баратты.

Күүнүн  улам  жүүнү  бошоп,  күчүнөн тайып баратканын Зумурат да сезди.

Бирок ошону каалабагандай, койкоюп маңдайында отурган Күнайымдын элесинин азыр көздөн кайым болуп кетишин каалабагандай, жан дүйнөсүндө далбастап, көз албай тиктеп, катып отурду жигит.

Дүрайым болсо азыр жигиттин өзүнө калдактап жетип келип, канатына калкалап, кучагына катып, кармап калуусун каалап, асман-жери азыр астын-үстүн болуп кетчүдөй көздөрү чыбырчыктап, жери айлан-көчөк болуп тегеренип барып, эки колу “шалак” дей түштү да, жер сүзүп жыгылды…

***

Алымкан айткан сайын Дүрайым менен кошо теңселип, башы тегерене баштаган Кызмончок да жер сүзүп жыгылчудай термелип, чайпала түшкөнүн баарынан мурун байкай койгон Асан дароо кызга учуп жетип, бооруна басты.

Алымкан жомогун токтотуп, алдастап калды.

Эски доордо болгон ошол жомок, ошол окуянын каармандарынын баары ага эски тааныштай, ал түгүл ошонун баарына өзү катышып, өзү көрүп келгендей, баары Жанга  тааныш  эле…  Алымкандын  азыр  эмне тууралуу айтарын да алдын ала билип, ан-дагы каармандарын айтар сөздөрүн Алым-кандан мурун эле жадымында угуп, ар биринин кыймыл-аракетинен бери туюп, бирок кантип, кандайча мунун баары эстутумун-да бар экенин, буга чейин бирок эмне үчүн бул жомок бир да жолу эсине келбегенине таң калып, аныгын айрып биле албай, денеси мында болгону менен жаны так ошол качанкы доордо калгансып, дендароо жаткан болчу ал.

(Уландысы бар)

2 thoughts on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *