Жаратылышыбызды кор кылгандардын «коргоочулары» күчпү?

Биздеги оппозиция, бейөкмөт уюмдар жана башка толгон токой коомдук активисттер үчүн саясаттан башка маанилүү маселелер анчейин кызыктырбайт окшойт. Болбогон эле бир нерсеге кыйкырып чыга берчү активисттер эмнегедир жаратылышты коргоо маселесине келгенде эле үн катышпайт.

Жакында эле ММК беттеринде 90-жылдардын аягында болгон окуя кайрадан эскериле баштады. 1998-жылы Болот Молдокеев деген бирөө ошол кездеги Айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Тилекбай Кыштобаевдин жардамы аркылуу өзүнүн «Улар» деп аталган аңчылык-туристтик компаниясы үчүн №1 генералдык лицензиясын алган экен. Молдокеевге ага чейин Марко Поло текелерине мыйзамсыз аңчылык кылгандыгы үчүн бир нече ирет лицензия берүү өтүнүчү канаттандырылган эмес экен. Анын үстүнө министрдин орун басары Кыштобаевде лицензия берүү укугу жок болгон. Бул лицензия менен Молдокеев 2 жыл колдонгон. 2000-жылы күз айында «Манас» аэропортунан улуттук коопсуздук кызматкерлери жаңы гана атылган сейрек кездешүүчү Марко Поло жана Сибирь эчкисин чет өлкөгө алып чыгып бара жаткандарды кылтакка илишкен. Мунун артында Молдокеевдин «Улар» фирмасы турары айтылган. Тергөөнүн маалыматтарында дал ушул окуядан мамлекет 10 миллион сом чыгым тарткан. Кылмыш иши козголуп, Молдокеев менен Кыштобаевдин иши сотко өткөрүлүп, Кыштобаевге коомго зыян келтирген, өз ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган деген айып тагылган. Биринчи инстанция беш жылга эркинен ажыратып, эки жыл мамлекеттик кызматты аркалоого тыюу салган.

Ал эми Молдокеевдин аракетин сот Кылмыш жаза кодексинин «атайын уруксаты жок ишкерчилик кылган жана мамлекетке ири өлчөмдөгү чыгым келтирген» деген 180-берене менен соттоп, төрт жылга эркинен ажыраткан. Бирок чечим чыгарууда сот бир катар шарттарды эске алып, айыпталуучуларга (үй бүлөлүк абалы менен ден соолугу ж.б.) өкүм күчүнө киргенге чейинки «сыртка чыкпоо» чечимин күчүндө калтырган. Кыштобаев кийинчерек мунапыска тушугуп, Молдокеевдин артында мурунку жетекчиси Кулубек Бөкөнбаев баш болгон бир катар жогорку кызматтагы чиновниктер, саясатчылар тургандыгын айтып чыккан. Кыштобаев болсо жөн гана аткаруучу экенин, эч кандай күнөөсү жок экендигин жар салган. Ошол бойдон Кыштобаевдин коомчулукта дайыны билинбей калган. Ал эми Молдокеев болсо үч инстанциядагы сот тарабынан күнөлүү деп табылса дагы баштаган ишинен баш тарта элек экен. Баса, Молдокеевдин «Улар» фирмасына таандык Ысык-Көлдөгү 26,4 га. аңчылык жайыты боюнча соттук териштирүүлөр да жүргөн жайы бар. Ал жакка мыйзамсыз курулуштарды жүргүзгөнү дагы айтылган. Бирок Молдокеев ал жактан толугу менен кол жууп, бүгүн аны кайтарып алуунун аракетин көрүүдө. ЖМКлардагы маалыматтарга караганда аялынын компаниясы аркылуу кызуу аракетке өткөн. «Улар» фирмасы бир катар соттук териштирүүлөрдөн башы чыкпагандыгына байланыштуу аялынын атынан «Супа» деген компания ачкан. Молдокеев кол жууган Ысык-Көлдөгү жогорудагы аңчылык жайытына өткөн жылдын сентябрь айында «Супа» ишканасы да тендерге катышып, утулуп калган. Эми Молдокеев «тендер туура эмес өттү, кайра өткөрүлүшү керек» – деп Токой чарба агенттигине даттанып, бардык инстанцияларга арызданууда. Айтор ушундай бир кызык окуя болууда. Браконьерлик боюнча айыпталып, аңчылык жайытын мыйзамсыз башкарып, мамлекетке жана экологияга чыгым келтирген деп айыпталган адам, кайра ошол жолду улайм деп аракеттенип жатканы түшүнүксүз.

Бул окуя парламентте да кызуу талкууга түшүп, ЖК депутаты Ирина Карамушкина окуянын чоо-жайын аныктап, тактоо үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине депутаттык суроо-талап жөнөткөн. Жообу кандай болору азырынча белгисиз. Негизи эл камын ойлогон эл өкүлдөрү болобу, коомчулук болобу браконьерлик менен байланышкандарга өзгөчө катуу мамиледе болсок. Өзгөчө ушундай тендер, сынактарда да аларга сын көз караш менен карасак. Себеби, Мекенибиздин башкы байлыгы дал ушул керметтүү жаратылышыбыз, баасы жок табиятыбыз эмеспи.

Тиленбек АЗЫК