10-январга карата аба ырайы

“Кыргыз гидрометтин” билдирүүсү боюнча, 10-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоң, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13

Бишкекте кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5 суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° жылуу болушу күтүлөт.