Тарыхыбызды тактоочу мезгил келдиби?

 

Өткөн 2017-жыл КР улуттук Илимдер Академиясынын Тарых жана маданий мурас институту үчүн жемиштүү болду. Жыл ортолоп, Москвадан кыргыз элинин этнографиясына арналган “Кыргызы” аттуу көлөмдүү китеп жарык көрсө, жыл аягына жакын “Кыргызстандын тарыхынын” үч томдугу жарык көрдүГезитибиздин кабарчысы Кыргызстандын тарыхынын үч томдугунун редакциялык кеңешине төрагалык кылган тарых илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Акылбек Жуманалиев менен Кыргызстандын тарыхы, дегеле тарых көйгөйлөрүнүн тегерегинде баарлашты.

 – Акылбек агай, былтыр сиздер-де эки чоң окуя окуя болду. “Кыргызы” китеби Москвадан жарык көрсө, “Кыргызстандын тарыхы-нын” үч томдугу өзүбүздөн жарык көрдү

– Ооба, Москвадан “Кыргызы” аттуу көлөмдүү этнографиялык эмгек жарык көрдү. Мында көрүнүктүү этнографтар А.Асанканов, А.Жапаров  жана  москвалык  тарыхчы О.Брусинанын эмгегин өзгөчө белгилеп кетпесек болбойт. Бул эмгек Кыргызстандын  этнографиялык илими үчүн чоң жетишкендик, канча кылым өтсө да көөнөргүс эмгек болуп калат деп эсептейм.Эми “Кыргызстандын тарыхынын” үч томдугу тууралуу. Кыргыз-стан эгемендүүлүгүн алгандан бери биздин институттун тарыхчыларынын алдында кыргыз элинин, Кыргызстандын тарыхын жаңыча көз караш менен кыргыз тилинде жазуу күн тартибинде туруп келген. Тарыхты жаңыча жазуу деген эмне? Өзүңөр билесиңер, ар кандай тарыхий шарттарга байланыштуу өз учурунда көптөгөн тарыхий фактыларга, тарыхий окуяларга бир жактуу баа берилип калган. Ашыра айтылып, баасы кемип калган жерлери болгон. Бурмаланып кеткен жерлери да аз эмес. Мына ошондон улам, кыргыз тарыхчылары болуп өткөн тарыхий фактыларды, окуяларды, процесстерди ашырбай да, кемитпей да, бурмалабай да кайрадан талдап чыгышы керек эле. Эгер, дүйнөлүк практиканы алып карай турган болсок, көп эле элдердин тарыхтары бурмаланып, баасы кемитилип жазылып калган учурлар кездешет. Башкасын айтпаганда, ошол эле постсоветтик өлкөлөрдүн баары өз тарыхтарын кайрадан жазып чыгууга аргасыз болгону жашыруун эмес. Бир сөз менен айтканда, тарыхка жаңыча мамиле кылууда топтолгон дүйнөлүк тажрыйба бар. Биз ошого таяндык, окудук, үйрөндүк дегендей, бирок тарыхты жаңыча жазууга даярдыкка жыйырма жылдан ашуун уба-кыт кетип калды.

– Анын үстүнө, тарыхчылар: “кыргызга орусча айтпаса ишенбейт” дешип, кыргыз тарыхын орус тилинде жазып, көптөгөн терминдер өз учурунда кыргызчаланбай калбадыбы, бул да көйгөй жаратса керек?

– Туура айтасыз, Кыргызстанда тарых илими кеңеш мезгилинде түзүлүп, тарыхий эмгектер негизинен орус тилинде жазылган. Кыргыз тилиндеги илимий эмгектер дээрлик жокко эсе болгон. Анан да кыргыз тилиндеги илимий-техникалык терминдердин сөздүктөрү түзүлүп бүтө элек, дагы эле такталуу жолунда. Кыргыз тарыхчылары илимий макалаларын сиз айткандай: “кыргызга орусча айтпаса ишенбейт” дешеби, орус тилинде жазышат. “Кыргызстандын тарыхынын” үч томдугун даярдоодо көп макалаларды кыргызчалоого мажбур болдук. Жалпысынан буга, төрт жыл убакыт кетти.

–  “Бүткөн  ишке  сынчы  көп” дейт. Ар бир бүткөн иштин ийгилиги менен кошо кемчилиги болот эмеспи?

–  Албетте,  мүчүлүштүктөр  да  бар. Аны редакторлор менен авторлор биле-биз. Аларды оңдоп-түзөө биздин милдетибиз. Ошондой эле тарыхка байланыш-кан илимий терминдердин сөздүгүн иштеп чыксакпы деп турабыз.

– А мүчүлүштүктөрдүн себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Каалайсыңбы же жокпу, тарыхка, тарыхта болуп өткөн окуяларга, маалыматтарга, процесстерге баа берүүдө так эместиктер кетет.

– Дегеле кыргыз элинин Кыргызстандын  тарыхын  таанып-билүүдө кандай көйгөйлөр бар?

– Көйгөйлөр өтө көп. Кыргызстандын кайсыл мезгилдеги, кайсыл доордогу тарыхын албайлы, айтылбай келген, чагылдырылбай калган, же чала изилденген фактылар, окуялар, актай барактар толтура. Мисалы, кыргыздардын Ээн сайга (Енисейге) кайсыл мезгилде жана кандайча барып калганы күнү бүгүн тактала элек. “Кыргыз” деген этнонимди эмгиче чечмелей элекпиз. Ээн сайдагы, ошондой эле ортоңку орто кылымдагы кыргыздардын мамлекети болгонбу, эгерде болсо, анын түзүлүшү кандай болгонун толугу менен айта албай келебиз. Аны алыскы жана орто кылымдардагы тарых дейли, кечээги эле Орус падышалыгынын кыргыз жергесиндеги колониалдык саясатынын күнгөй-тескейи, падышалык Россиядан жер которуштуруп келген аскер адам адамдарынын, чиновниктеринин, жөнөкөй эле келгиндеринин кыргызга көрсөткөн зордук-зомбулугу, анын өзү 1916-жылы кыргыздардын падышалык Россияга каршы көтөрүлүп чыгышына себеп болгону ар тараптуу иликтенип, жазылбай келе жатат. Арийне, бул тема эртеби-кечпи жазылышы керек. Экинчиден, кеңеш мезгилиндеги тарыхчыларыбыздын бир тобу 1917-жылы Россияда болгон революция Кыргызстанда да болгон деп жазып келишкен. Арийне, Кыргызстанда революция болгон эмес, бизде жер-жерлерде кеңеш бийлигин орнотуу процесстери жүргөн. Дагы бир маселе. Өткөн тарыхты изилдегенде, сөзсүз түрдө артефакттарга, так маалыматтарга, документтерге, айтор, булактарга таянышат. Бул эң туура. Бирок, биз жазган илимий эмгектер көбүнесе супсак болуп, окурмандардын көңүлүн өзүнө тарта бербейт. Биздин эмгектерде аналитикалык, философиялык ой-толгоолор жетишсиздей сезилет. Баарыбызга белгилүү болгондой, мурда кыргыз урууларынын өкүлдөрү ата-бабаларынын басып өткөн жолдорун, алардын өз ара мамилелерин, кызыктуу, элге жеткиликтүү кылып, санжыра аркылуу айтып келишкен. Санжырадагы маалыматтардын бир тобу чындыкты чагылдырган, далили жок, аша чапмайлары да кездешет. Бизге, азыркынын тарыхчыларына санжыраларды тактап, изилдеп, андагы туура маалыматтарды илимий эмгектерибизде пайдаланууга эмнеге болбосун.

– Туура айтасыз, санжыра да эл тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү эмеспи. Оозеки маалыматтарда гана эмес, кагазга түшүрүлгөн маалыматтарда каталар, жаңылыштыктар жок эмес бекен?

– Мен да ошону айткым келет. Башка бирөөнү цитаталап жатып, ката жазгандар аз эмес. Айтор, тарых илиминде маселе көп. Аларды чечмелөө, тактоо, акты – ак, караны – кара деп айтуу, чындыкты ордуна коюу – тарыхчылардын милдети. Бул кадр маселеси менен байланышкан. Тарыхчы кадрларыбыз бар болгону менен, алар жетишсиз. Кыргыз тарыхчыларын бөлүнүп-жарылбай, бир илимий мекеме – КР УИА Тарых жана маданий институтунун алдына биригип, чоң күчкө айланууга чакырар элем. Ошондо гана чоң тарыхты жазууга, чечилбей келе жаткан тарыхий маселелерди биринин артынан бирин чечүүгө мүмкүн болмок.

– Эл тарыхы тууралуу азыноолак айттыңыз, эми өз тарыхыңыз жөнүндө да айта кетсеңиз?

– Айылда төрөлүп, айылда чоңойдум. Балалыгым Чоң-Кеминдин Тар-Суу айылында өттү. Ажайып, бейиштегидей кооз жер. Канаттуулардын, айрыкча булбулдун, торгойдун сайраганын угуп эле отургуң келет.

– Жапон акындары Басё менен Сайгёнун ырларын кыргыз окурманына жеткирүү үчүн адабиятка аралашканыңыз да бекеринен эмес тура. Ошол керемет табияттын күчү көкүрөккө ыр түнөтүп, түрткү болсо керек да?

– Мүмкүн. Жапон акындарына кызыкканым – алар үч же беш сап кыска ырларды  жазышат.  Терең  ойлорду  айтышат. Окуп отуруп, сууну тиктегенсип, ойго тунасың, эс аласың. Үстүңдөн оор жүктү алып салгандай жеңилдейсиң. Жаман ойлордон арыласың. Жашоого башкача карап каласың. Жашоонун чексиздигин, биз ага бир келген конок экенибизди, бир келген өмүрдө бири-бирибизге жаман айтып, көңүл оорутуп кереги жок экенин түшүнөсүң. Мына чыныгы поэзиянын күчү. Тилекке каршы, жапон акындарына мүнөздүү тереңдик кыргыз акындарында жок. Алардын ырлары уйкаштыктардын курандыларынан жыйналгандай таасир калтырат. Турмуштун ысык-суусун көрө элек жатып – картайып, ачуу-таттуусун тата элек жатып – турмуштан жадап калганын окуп жатып, жакаңды кармайсың. Эл акындарынын катарында дурусурак он сап ыры жоктору бар экенин да айта кетели.

– Кадимки Турдакун Усубалиевдин жардамчысы болуп иштеген адам катары убагында уу-дуу болгон “Талас путчасы” аталган окуя тууралуу айтып бербейсизби?

–  Мен  1984-1985-жылдары  БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин жардамчысынын милдетин аткардым. Турдакун Усубалиев иштерман эле. Ишибиз эртең мененки 9да башталып, 10-11ге чейин иштечүбүз. А эртең мененки саат 9га чейин, Турдакун Усубалиевич Фрунзе шаарында курулуп жаткан курулуштарды эринбей кыдырып, курулушчулар менен жолугуп, алардын пикирин угуп, өзүнүн кеңештерин берчү. БКнын бюросунун кеңешмелерин өткөрүп жатканда, ар бир талкууланып жаткан маселенин ийне-жибине чейин билип, эң сонун анализ жасачу. Татаал маселени жөнөкөй чечип койчу. Турдакун Усубалиевичте чынында да улуу адамдарда кездешчү, улуу адамдарга гана таандык касиеттер көп эле. Аны эч ким тана албайт. Ал 25 жыл Кыргызстанды башкарды.

Ал эми “Талас путчу” тууралуу айтсам, ал окуянын чет жакасын уккам, бирок ал убакта мен а кишиге жардамчы эмес болчумун. Менин угушумда, аны БКнын биринчи катчылыгынан түшүрөбүз деген сенин туугандарыңдын бирөө атайы Москвага учуп барса керек. Бул маалымат кандайдыр бир жолдор менен Турдакун Усубалиевичке жетип калат. Анан ал кабарды угуп, бул жакта жатып алмак беле, ал да Москвага шашылыш учат. Эми ар кимдер ар кандай айтып жүрөт. Жанында болбогон соң, анын баарын так айтуу кыйын. Айтымда, Турдакун Усубалиев СССР КП БКнын ошол кездеги Генералдык секретары С.Хрущевдин өзүнө эмес, кайсы бир секретарына кирип, маселени так кесер чечип келгени анык.

– Фрунзеге келген соң, “таластык путчисттерди” куугунтуктаган деп айтып жүрүшөт го?

– Эми “айткандар” көп. Бирок, фактыга кайрылсак, Чыңгыз Айтматов Турдакун Усубалиевдин тушунда алчу сыйлыктарды алды, Социалисттик Эмгектин Баатыры, кинематографисттер союзунун төрагасы болду. Эгер, Айтматовго бут тоссо анын бири болор беле? Таластыктардын белдүүлөрүнүн бири Тургунбек Суванбердиев деле өмүр бою чоң кызматтарда иштеди.

–  Уккан  кулакка  эмес,  көргөн көзгө ишениш керек деңизчи? Эми чыгармачылык, илимий иштериң жөнүндө айта кетсеңиз?

– Адам тирүүлүктө үмүт жана максат менен жашайт. Кыргызстандын тарыхы тууралуу көп ойлор бышып жетилип калды. Ошолорду иретке келтирип, философиялык жактан чечмелешим керек. Бүгүн бүтүндөй акыл-эсимди, жан дүйнөмдү, көкүрөгүмдү ээлеген ойлор – кыргыз этносу кандай келип чыккан, алгачкы ата-журту кайсы чөлкөм болгон, кыргыздар кандайча, каяктан, эмне себептен Ээн сайга барып калган, же түпкү мекенибиз ошол жерби деген маселелердин тегерегиндеги ой-толгоолор. Ойлор бышып калды, тарыхий фактыларды, маалыматтарды жетишерлик топтогондой болдум, бирок эмнегедир, азырак көрүнүп жатат. Албетте, чындыгында бул маселе негизинен археология, антропология илимдерине таандык. Бирок, кандай болбосун, мен тарыхчы-илимпоз катары өз оюмду айткым келет. Балким, байыркы кыргыздардын ата мекени азыркы биз жашап жаткан Ала-Тоо аймагыбы деген ой кетет. Муну изилдеп, талдап көрүш керек.

– Менин жеке ички туюмумда кыргыздардын эки мекени болгон: бири – Алтай, бири – Ала-Тоо.

– Балким, сенин айтканыңда да чындык бардыр. А илимде ошонун баарын тарыхий айныгыс, эч ким тана алгыс фактылардын негизинде далилдеш керек. Кытай тарыхчысы Сыма Цянь “Ши Цзи” деген эмгегинде Эне-Сайдын жээгинде жашаган кыргыздар жөнүндө бир аз маалымат берет. Ал биздин эрага чейинки 201-жылга таандык. Ошентип, кыргыздардын байыркы тарыхы айтылган жыл ошону менен токтоп калат. Ал мезгилден аркы тарыхыбыз жөнүндө сөз кыла албай келебиз. Чынында эле кыргыздар биздин эрага чейинки 201-жылы асмандан түшө калган жок да. Ага чейин эле миңдеген жылдар бою жашап келишкен эмеспи. Тарыхчыларыбыздын келечектеги орчундуу иликтөөлөрү да ушул тарыхий сырды ачууга багытталышы керек деген ойдомун. Мына кыргыз тарыхчыларынын кемчилиги, кенебестиги кайда? Тарых илимдеринин докторлорубуз дейбиз – эң жөнөкөй суроолорго жоопторубуз жок. Бул ачуу чындыкты өзүн сыйлаган ар бир тарыхчы мойнуна алышы керек. Биз бир адамдын эмес, бүтүндөй бир элдин, мамлекеттин тарыхын изилдешибиз керек. Ошондо гана тарых алдында жүзүбүз жарык болот, орден тагынсак жарашат.