Иш ордунда мас болуп уктап калган делинген жетекчи кызматтан алынды

Улуттук статистика комитети интернетте тараган видео тасма боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, натыйжада Ноокат райондук башкармалыгынын башчысы Расулбек Ташовду жумуштан бошотту. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө кызматкердин иштен алынышына анын “эмгек тартибин одоно бузгандыгы жана жумуш учурунда алкоголдук ичимдик ичип, мас болгону” себеп болгону айтылган.

9-январда интернетке Расулбек Ташовдун кабинетинде эки адамдын уктап жаткан видеосу жарыяланган. Окуя боюнча Расулбек Ташов түшүндүрмө берип, тасмана президенттик шайлоонун эртеси, 16-октябрда каршылаштары аны каралоо максатында тартышканын билдирген. Ал ошондой эле ичимдик ичпегенин, кимдир бирөөлөр ширеге кошуп уктата турган дары берип коюшканын айткан.