ЖК Санжар Муканбетовдун вице-премьер-министр кызматына талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.

Депутаттар Муканбетовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Белгиленгендей, анын талапкерлиги Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталып жаткан.

 

Белгилей кетсек, Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин, 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун «Жанар» (ЭВМ) заводунда инженер-конструктор катарында баштаган. Кийин Мамлекеттик мүлк фондунда, Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу