Лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт 1 млрд. сомдон ашык каражат бөлөт

Бишкек шаарында «Айыл-Агро-2017» Эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Аталган көргөзмөгө бүгүн, 17-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барды. Өкмөт башчы көргөзмөгө коюлган техникалардын түрү менен таанышып чыкты.

Анда премьер-министр лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 1 миллиард сомдон ашык каражат каралганын айтты. Аны менен Өкмөт ата мекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоо багытындагы саясатын улантууда.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, акыркы беш жылда жалпы суммасы 2,2 миллиард сом болгон 2 миңден ашык техникалар берилди. 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүүнү кеңейтүү программасы ишке ашууда.

Көргөзмөгө дүйнөнүн 10 ашык өлкөсүнөн түрдүү өкүлдөр катышып, 17-19-майга чейин уланат.