Татту Мамбеталиева премьер-министрге кеңешчи болду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Мамбеталиева Татту Эмилбековна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, Мамбеталиева «Интернет саясаты жарандык демилге» коомдук фондусунун директору болуп иштейт.