Бегимай КАСЫМБЕКОВА: «Эң негизгиси аракет, анан изденүү»

Каарманыбыз Бегимай Касымбекова1994-жылы туулган, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз-Кытай факультеттин аяктаган, кытай, англис, орус тилинде эркин сүйлөйт. Алгач университеттин жардамы менен Кытайда окуп келген. А университетти аяктаган соң, өз алдынча изденип, программалар аркылуу Япониядан билим алып келди. Ал бизге чет жакка чыгып, билим алуу жана саякаттоо үчүн эмнелерди кылуу зарыл экенин айтып берди.

– Кыз киши чет жакка чыгам десе эле ата-энеси каршы болот эмеспи. Японияга кетем десең алар кандай кабыл алышты?

– Буга чейин Кытайда окуп келгем. Кытайга кетип жатканда атам каршы чыккан. Ал учурда жашым дагы кичине болчу. Атама билим алып келишим керек. Сарсанаа болбоңуз деп жатып араң көндүргөм. Анын үстүнө туугандар дагы окуйм деп жатса, руксат бериш керек дешти. Анан экинчисинде Японияга кетип жатканда эч кандай кабатыр болбой эле кое берди. Себеби, интернеттен Япония эң коопсуз мамлекеттердин катарына кире турганы тууралуу маалымат алышкан экен. Анын үстүнө агам Адил Касымбеков Япониянын Мацуэ университетинде докторантурада окуйт. Ошондуктан эч каршы болушкан жок.

– Кытайдагы сапарың тууралуу кыскача айтып өтсөң?

– Университетте окуп жүргөндө БГУнун жардамы менен жарым жылга тилдик тажрыйбага Шеньян университетине баргам. Абдан оор болду. Кытайлардын көпчүлүгү англисче биле беришпейт. Көбүнчө кытайча сүйлөшүүгө туура келет. Ошондуктан кытайча үйрөнүп алууга оңой болду. Ал жакта эч кандай деле жаман нерселерге туш болгон жокмун. Болгону кытайлар аябай кайдыгер болушат экен. Мисалы бир жолу жашы өтүп калган кемпирди бирөө жөөлөп кетти. Ал кулап кетсе, эч ким көңүл бөлбөйт. Биз башкача тарбия алат эмеспизби. Чуркап барып жардамдашып калган учурларым болду. Жол кырсыгына учурап калгандарды деле бери жактан карап басып кете беришет. Бул мен үчүн күтүлбөгөн жана мага жакпаган нерсе болуп калды. Анткен менен кытайлар менен жакындан сүйлөшүп тааныша келсең жакшы эле.

– Ал эми Японияга кандай болуп барып калдың?

– Англис тилин кошумча окуп жүргөм. Анан жогоруда айткан Мацуэ шаарында докторантурада окуп жүргөн байкем сунуштап калды. Программаларды кара, Японияны көрүп кел деп. Анан интернеттен издештирип, ушул программага туш болуп калдым. А негизи интернеттен издесе бир эле Японияга эмес, Америка, Европа деги эле көп жактарга барууга жол ачкан программалар көп. Жөн эле өзүбүз жалкоо окшойбуз.

– Японияда сен таң калган нерселер болдубу?

– Ооба, ал жактагы мыйзамдын иштегенине, адамдардын маданиятты сактаганына абдан таң бердим. Маселен, метродо кетип жатканда унчукпай отура беришет. Бир жолу чет жактан келген эки студент отуруп алып, аябай шаңдуу сүйлөшүп кетип бара жатышты. Кадимки көчөдө жүргөндөй эле. Бир учурда япон келип, англисче тил менен бизде мындай сүйлөгөн туура эмес деп түшүндүрүп койду. Мунун себеби аларда акча саатына төлөнөт да. Ошондуктан япондор 18 саатка чейин иштешет экен. Анан жумуштан чыкканда чарчап, ал жактан уктап калгандар да болушат экен. Ошондуктан ушундай тынчтыкты сакташат окшойт деген ой келди.

Дагы бир таң калтырган окуя болду. Бул жактан алып барган телефондор Японияда иштебейт экен. Ошого байланыштуу арзан телефон алууга туура келди. Телефонду алып жатканда дарегимди, электрондук дарегимди бүт жазып, каттоодон өткөм. Анан ошол телефонду жоготуп алдым. Чалайын десем, өчүп калган болчу. Ошондуктан биздегидей эле көрүп, “болду эми жоголду. Жаңы эле телефон алайын” деген ой келип, полицияга деле кайрылган жокмун. Аңгыча эле электрондук дарегиме сиздин телефон табылды. Паланча полиция участогуна келип алып кетиңиз деген кат келип калды. Бир топ таң берип калдым. Анткени, бизде жоголгон телефон көбүнчө табылбай эле кала берет го.

Анан  дагы  япондор  абдан  таза.  Дегеним,  көчөдөн  тамеки  чегишпейт.  Тамеки чегүү үчүн атайын комнаталар бар. Чеккиси келгендер ошол жакка барып чегишет. Ошондой эле автобуска түшүп жатканда кезек күтүп түшүшөт экен. Киргенден кийин, сен орундукка отурбасаң, автобус жылбайт. Башында аны билбей туруп алсаң, автобус жылбай тура берсе, эмнеге жылбай жатат деген ой болуп жүрдү. Көрсө, отурмайынча жүрбөйт экен. Туруп алсаң, япондор сени карап турушканын көрүп алып, уялып кетесиң.

– Япония эң коопсуз мамлекеттердин бири деп билебиз. Ошол эмнеден билинет экен?

– Ооба, коопсуз мамлекеттердин тизмесинде алдыңкы орунда турат экен. Окуудан, жумуштан кеч чыгып каласың дегендей, башында бул жактан көнүп калган адатым калбай, чочулап жүрдү. Бирок, кийин көнүп калдым. Кадимкидей эле кенен басып, эч нерседен коркпой калдым.

– Кыргыздар ал жакта көп бекен?

– Ал жакта бизден баргандар көп эле экен. Ар кандай – окуу, иш деп барып, отурукташып калышкандар, кандайдыр бир ийгиликтерге  жетип  калгандары  да  бар арасында.  Бирок,  Японияда  жарандык беришпейт.

– Сен сыяктуу билим алууну, саякаттоону  кыялданган  жаштарга кандай кеңеш бере аласың?

– Негизинен элчилик аркылуу сынактар менен барса болот. Алгач Кытайга барганымда тил билбей барышкандар көп эле кездешти. А бирок, бир жылдын ичинде эле тилди үйрөнүп алышты. Кыргызстанда төрт жыл тил үйрөнүп жүргөндөн көрө ал жактан бир жыл окуганың жетиштүү болот. Ал эми студенттер университет аркылуу чыкса жеңил болот. Ар бир университеттин башка өлкөдөгү университеттер менен эл аралык байланышы бар эмеспи. Андан сырткары өз алдынча изденип ар кандай программаларды тапса болот. Эң негизгиси изденип, аракет жасаш керек.