11-январга карата аба ырайы

11-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз маал-маалы менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14;

​Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° суук болот, кэчкээ жакын -5° суукка чейин төмөндөйт.