№3-жабык жайдын жанынан 446 гармм баңгизат менен кармалышты

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан Жаза аткаруу кызматына караштуу №3 жабык мекемесинин жанынан Ош облусунун 17 жаштагы жана Ысык-Көл облусунун 18 жаштагы эки тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай колго түшкөн балдардын жанынан 446 грамм өлчөмүндөгү скотч менен оролгон гашиш баңгизаты табылган. Бул факт боюнча тиешелүү материалдар топтолуп тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда кылмышка катыштыгы бар дагы башка тараптарды иликтөө иштери жүрүп жатат.