Өзбекстанда депутаттарга улуттук кийим кийгизүү сунушталды

Өзбекстандын Улуттук университетинин доценти, Инновациялык технологиялар борборунун директорунун орун басары Мирякуб Хайдаров парламент депутаттары үчүн улуттук колоритке негизделген дресс-код киргизүүнү сунуштады. Хайдаровдун бул сунушу камтылган макаласы Podrobno.uz сайтына жарыяланды.

Доценттин пикиринде, парламент депутаттары батыш стилиндеги кийимдерди кийбеши керек. Өзбектер улуттук баалуулуктарына, салт-санаасына кайтып келиши зарылдыгын айткан Хайдаров элге депутаттар үлгү болушу абзел деп эсептейт.

— Мыйзам чыгаруучу палата улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн бекитет. Жергиликтүү органдар өз аймактарынын кийимдерин кийгени оң. Албетте, ферганалыктар сурхандарыялыктардан айырмаланып турат, – деди ал.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын «Өзбекстан көп улуттуу өлкө, өзбек парламентинде ар кайсы улуттун өкүлдөрү бар. Мындан улам улуттук кийимди кийүүнү депутаттарга милдеттендирүү туурабы» деген суроосуна Мирякуб Хайдаров «бул маселени эл өкүлдөрү өздөрү чечүүгө тийиш» деп жооп кайтарды.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *