Алайда мас киши жардан кулап каза болду

ӨКМдин билдиргенине ылайык, Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында мас абалындагы киши жардан кулап каза болду.

Билдирүүдө айтылгандай, окуя бүгүн, 11-январда болжол менен саат 13:26 болгон.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Алай райондук №68-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 40 жаштагы адамдын жансыз денесин алып чыгып РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.