Кыргызстандын убактысын бир саат артка жылдыруу сунушталды

Депутат Кубанычбек Нурматов Парламентте сүйлөп жатып, Кыргызстандын убактысын бир саат артка жылдыруу керек деп билдирди.

Анын айтымында, эртең мененки убакта балдар кыйналып жатышат.

«Саат мурун сезонго карап жылып турчу эле. Азыр жылбай калды. Биздин балдар саат 7де караңгы экендигине карабай барчу жерине кетип жатышат. Караңгыда коопсуздук маселеси бар. Менимче бир саат артка жылдырсак туура болот эле. Мына, Өзбекстандыкы бир саат артта», — деди Нурматов.