12-январга карата аба ырайы

12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1;

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10;

​Бишкекте 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4° суук болот.