Волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты Бишкекте өтөт

КР волейбол федерациясынын маалыматына ылайык, Бишкекте 22-январда эркектер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.

Анда биринчилик үчүн үч лига боюнча мелдеш болот: улуттук лига, жогорку лига, “А” жана жогорку лига “В”.

“Улуттук лигада мыкты делген алты, “А” жогорку лигасында алты жана “В” жогорку лигасында алты курама”,-деп билдирди КР волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук лигада ойно үчүн EREM (Ош), “Жаңы-Муун” (Ысык-Көл облусу), “Салам-Алик” (Бишкек), “Улар” (Бишкек), “Дархан ОшТУ” (Ош облусу), “Бажы” (Ош) командалары мүмкүнчүлүк алышкан. Ал эми өлкөнүн учурдагы чемпиону оштун EREM клубу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *