Акыйкатчы баласын тепкен ата боюнча прокуратурага кайрылат

Жакынкы күндөрү Акыйкатчы институту Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылуу жөнөтөт, анда көзөмөлдөөчү органга 2 жаштагы өз баласын ич талаштыра тепкен Бариер Адиевге карата Октябрь райондук сотунун чыгарган чечимине даттануу киргизүү сунушталат. Бул тууралуу Акыйкатчы институнуну басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-январда судья Чынгыз Адамкулов Б.Адиевге карата кылмыш ишин кыскартуу тууралуу токтом кабыл алып, ага өлкөдөн чыкпоо керектиги эскертилип, сот залынан бошотулган.

“Баланын энеси тосмо арыз жазган убакта дагы сот жабыр тарткан баланын ишке жөндөмсүздүгүн жана жашын эске алышы керек болчу. Андыктан биз – Акыйкатчы институту – баланын укугун коргойбуз. Шаардык прокуратурага жакын арада кат жөнөтүбүз, анда биз адилеттүүлүктү калыбына келтирип, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү сунуштайбыз. Баласына ырайымсыз катаал менен мамиле кылган адам татыктуу жазасын алышы керек”, – деп билгиленет билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Бишкектин Октябрь райондук сотунун 10-январдагы чечими менен Бариер Абдиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Маалыматка караганда, айыпталып жаткан жарандын жубайы  сотко «доом жок» деп тосмо арыз жазып берген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *