Президенттин учкучу Исмаилов: өлкө башчы ар дайым экипаждын ал-жайын сурайт

Орустардын бир тасмасында «Первым делом, первым делом самолеты, ну а девушки, а девушки потом…», — деп аскер учкучтарынын ырдаганы бар эмеспи. Бүгүнкү каарманыбыз Турар Исмаиловдун жашоо образына ушул саптар куп жарашчудай.

Анын өз ишине берилгенин мындан билиңиз — 26 жашында өлкөнүн биринчи адамдарын ташыган учакты катардагы учкуч катары башкарып, бир жылдан кийин президенттик учактын командири боло алган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов учкуч менен жолугушуп, анын кантип Кыргыз авиациясынын тарыхында №1 борттун эң жаш командири боло алгандыгы тууралуу маектешти.

— Турар мырза, президенттик учактын командирлигине сизди канчайча тандап калышты?

— Биздин кесипте профессионалдуулук ар дайым биринчи орунда турат. Мени да ушул сапатым үчүн тандашты болушу керек.

— Замандын талабына жооп берген учкуч болуу үчүн Кыргызстандан эле билим алуу жетиштүүбү?

Теле алып баруучу Салтанат САМАТОВА: «Жакшы адамдар дүйнөнү жарык кылат»

— Бишкекте Ишенбай Абдраимов атындагы кыргыз авиациялык колледж бар, аны бүтүп деле толук кандуу учкуч болсо болот. Бирок авиацияда өзүң менен өзүң болуп жата берүү мүмкүн эмес. Авиакомпаниялардын ишмердүүлүгү ар дайым эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Улам бир жаңы учакты башкаруу үчүн кайрадан даярдыктан өтөсүң. Мунун баарын чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн окуу жайларынан окуп үйрөнөбүз. Мен Бишкектеги авиациялык колледжди 2001-жылы бүтүрүп, кийин инженер-учкуч кесиби боюнча жогорку билимди Алматы шаарындагы Жарандык авиация академиясынан алгам. Андан соң Санкт-Перебургдагы Жарандык авиация университетинде окуп, экономикалык билимге ээ болдум.

— Башка мамлекеттерде эмгектендиңиз беле?

— Казакстандагы, Африкадагы жана Бириккен Араб эмирлигиндеги компаниялар менен келишим түзүп иштегем.

— Учкуч болуп калышыңызга кимдир-бирөөнүн таасири болду беле?

— Атам Таалайбек Исмаилов 47 жыл учуп, жакында эле пенсияга чыкты. Эс тарткандан бери авиация жыттанган чөйрөдө чоңойгондуктан, өзүмдү бир дагы жолу башка кесипте элестеткен эмесмин. Кайда карабайын учкучтун формасы, учактардын моделдери, авиация тууралуу китептер… 3-4-класста окуп жүргөндөн тарта эле менде авиациянын пайдубалы түптөлө баштаган.

— Учкучтар тамактануусуна өзгөчө көңүл бурса керек?

— Жерде жүргөндө тамак-ашка чектөө жок. Жеке өзүм тууралуу айтсам, спирт ичимдиктеринен алысмын, чылым дагы чекпейм.

Учаар алдында, албетте, өзүңө сак болосуң. Ууланып калбаш үчүн организмге жакпаган же тааныш эмес тамактарды жебегенге аракет кыласың. Ал эми асманда эл аралык авиация эрежелерине ылайык, эки учкуч эки башка даярдалган тамакты жейт. Анткени бири ууланса дагы, экинчиси иштөөгө даяр болушу керек.

— Бир мамлекеттен экинчи мамлекетке учканда убакыттан чоң айырма болуп калышы мүмкүн да. Эс алуу жериңер кандайча аныкталат

— Убакыттан чоң айырмачылык болгондо кыйналып калабыз. Бирок бир күнү күндүз, экинчи күнү түн ортосунда учуп жүрүп, бир топ жылдан бери бул режимге организм деле көнүп калат экен. Бирок негизи Кыргызстандын авиациялык эрежелери боюнча ар бир учуунун ортосунда учкучтар 12 сааттан эс алышы керек. Чет өлкөлөргө чыкканда уктап эс алууга аракет кылабыз.

— Чет өлкө демекчи, эки жыл мурда президенттин Европа өлкөлөрүнө болгон иш сапарында катуу шамалдын айынан Берлинде учакты тоскоолдуктар менен кондурганыңыз эсибизде…

— Ал окуя 2015-жылы болгон. Берлин шаарынын аба майданына коноордо «Никлас» штормуна кабылганбыз. Ылдамдыгы секундуна 22 метрге жеткен бороондо учакты кондуруу чынында эле татаал. Бирок самолет коноордо капталынан, алдынан, артынан соккон шамалдар боюнча нормалар бар. Бул жагынан учакты кондурууга шарттар бар болчу. Ошондуктан мен аны кондурам деп чечим кабыл алгам. Эч бир эрежелер бузулган эмес.

— Видеодо учак кадимкидей калдаңдап жатканы көрүнгөн. Өзүңүз корктуңузбу?

— Айрымдар коно албай, башка шаарларга учуп кетип жатканда, коркунуч болбой койбойт. Анткени асманда мен учактагы ар бир адамдын өмүрүнө жооп берем.

— Президенттик каттамдардан башка дагы каттамдарды аткарасызбы?

Германияда робот кураган кыргыз кыз

— Ата мекендик авиакомпаниялардын биринде иштеп, Boeing 737 аба кемесинде учам. Анткени, профессионалдык даярдыгымды жоготпошум керек.

— Учкучтарга визанын зарылдыгы барбы?

— Авиациялык генералдык декларация деген бар. Ага аты катталган экипаж мүчөлөрү бир топ өлкөлөргө атайын визасыз эле кирип чыгышат. Бирок жогорудагы декларацияга Суад Аравиясы, Европанын айрым өлкөлөрү баш ийбейт. Аларга кирерде кадимкидей виза алууга туура келет.

— Президент менен мамилеңиз кандай?

— Президент учакка кирип келе жатканда аны тосуп алып, абал менен тааныштыруу — менин милдетим. Ошол маалда бир азга токтоп, экипаж мүчөлөрүнүн ал-жайын сурайт. Өлкө башчынын жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин баалайм.

— Учкучтар арасында кандай ырымдар бар?

— Учуу алдында кийимдин сөгүлүп же тытылып кеткен жерин тигүүгө, топчу кадоого, сүрөткө түшүүгө болбойт. Ушул убакка чейин кийимим жыртылып кеткен учур боло элек. Болуп калса жыртык шым менен учуп кетемби, билбейм (күлүп). Бирок сүрөткө түшпөйм.

— Учак сиз үчүн…

— Учак — менин жашоом! Учууну мен жумуш катары эмес, жашоо образым катары кабыл алам. Кезектеги каттамга баратканда, өзүмдү жумушка бараткандай эмес, чыныгы жашоомо бара жаткандай сезем.

— Асманда жолдор болобу?

— Албетте, болот. Ар бир каттамдын өз маршруту бар. Асман деп эле туш келди жакка уча берүү мүмкүн эмес. Анда башаламандык болуп, учактар кагышып кетиши мүмкүн.

— Кыргызстанда канча учак бар?

— Иштеп жаткан 4-5 авикомпаниянын баарыныкын кошкондо 10дон ашыгыраак.

— Маегибизди бир аз башка нукта аяктагым келип турат. Асмандан «түшүп», жердеги көйгөлөр тууралуу кеп кылалычы. Эмне себептен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Европанын «асманы» жалгыз Кыргызстан үчүн жабык?

— Тилекке каршы, жагдай ушундай болуп турат. Бирок Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги Европа биримдигинин «кара тизмесинен» чыгууга чараларды көрүп жатат. Эл аралык Жарандык авиация уюмунун өкүлдөрү менен жолугуп, кызматкерлер атайын окуулардан өтүүдө. Жакшы жагы — авиакомпаниялар мүмкүнчүлүгү болсо, мамлекетти карап отурбай «кара тизмеден» өз алдынча чыгып кетсе болот. Мисалы, коңшу өлкөнүн «Эйр Астана» компаниясы биринчи чыккан. Казакстан «кара тизмеден» толугу менен чыкканына 3-4 гана ай болду.

Кыргызстандын авиациялык потенциалы абдан жогору. Анткени географиялык жактан биз Азия менен Европанын ортосунда жайгашканбыз. Европа, Кытай, Казактан, Россияны бириктирген хаб түзүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Булак «Спутник»

One thought on “Президенттин учкучу Исмаилов: өлкө башчы ар дайым экипаждын ал-жайын сурайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *