Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Качан гана Асан үстүнөн аттап-буттап жөнөгөндө  гана  “селт”  эте  баш көтөрүп, мойну-башы шалактап, эс-учун жоготуп жаткан Кызмончокту көрүп, ал үчүн азыр баарын күм-жам кылып жиберчүдөй сереңдеп тура калды.

– Кызыке? Эмне болуп кетти, каранкүн?! – деди Алымкан.

– Аа-аа! – жыландын түрүнөн коркуп, түн жаңырта бакырган Тынар энесинин эте-гине жармашты.

– Чүш-ш! Тынч, – деди энеси.

Асан Кызмончокту жерге жаткыра коюп, тамырын кармады.

– Я, айланайын Кудай, эмне болуп кетти? – баарына өзү күнөөлүүдөй унчукту аял. – Эмне болот эми, каран күн? Кудай ушу мени албай койду го.

– Жакшы эле. Тынчтаныңыздар. Ортодогу  оттун  жалыны  өчүп,  кызыл  чок гана чыртылдап, ансыз да караңгы, коюу түндүн кунары кача түштү.

Асан Кызмончокко күндүзгүдөн калган дары чөбүн жыттатып, бир аз бүрүн алаканына салып майдалай коюп, кыздын эрини алдына салды. Ошондон кийин гана туруп барып кызыл чоктун үстүнө каршы-терши отун таштап, тизелеп отура калып үйлөп жа-тып от тутантты.

– Тур, отун алып кел, балам, – деди Алым-кан бир өңүрүн басып, каруусуна жабышып, жыландан көз албай отурган уулун түрткүлөп.

– Тур. Ал эчтеке кылбайт, коркпо.

Жумуру денеси былкылдап жылып келип, кызмончоктун жанында ийрейип жаткан Жан эми тумшугун Кызмончоктун кежигесинин астынан киргизип, ары жагынан созулуп чыкты да, бир чоң аттам жерге чейин жылып барып, кайра имерилип келип, кежигенин асты-нан эми бери өтүп, эки-үч бүктөлгөн денесинкыздын башына жаздык кылып жаздап койду.

Аны карап отургандар унчугушпай, бири-бирин карашты.

Таң калгандай, тобо келтиргендей эриндерин “шык” эттирип шыпшынган Алымкан денесин солкулдатата узакка улутунуп алды.

Ушул тапта башын көтөрүп, кудум адам баласына окшоп Кызмончокту санааркай да, аяй да тиктеп турган жыландын көздөрүнөн эки тамчы “тып-тып” этип Кызмончоктун жүзүнө тамды.

Ансыз да дарынын кудурети менен жаңы эле эсине келип, эмне болуп кеткенине, деги эле эмне болуп жатканына түшүнүп-түшүнө албай, отундун чыртылдап күйгөнүн угуп, жамалын аймалаган муздак желдин шооку-мун сезип, кайда жатканын элес-булас боолгоп жаткан келин бетине тамган жаштан улам көздөрүн ачып, өзүн тиктеген Жанды көрдү.

– Жан? – муну Кызмончоктун көздөрүнөн окуду Жан.

– Кызмончок?..

– Ыйлап жатасыңбы?

– Жок…

– Булардын баары… түшпү?

– … – башын чайкайт Жан.

– Бул жомокту сен башта билчү белең? – анын көздөрүнөн бир нерсени окугандай таң кала карайт келин.

– Баары тааныштай…

– Анда эмнеге мага айткан жок элең?

– Унутуп калыпмын.

– Андан аркысы эмне болот? Булардын бизге кандай тиешеси бар?

– Билбейм…

Кызмончок менен Жандын тиктешүүсү дагы канчага созулмак, Алымкандын шаштысы кетип, ортого түшө калды:

– Кызыке, жакшысыңбы, айланайын?

Турууга аракеттенип, башын көтөргөн келинди Асан жөлөп-таяп, отургузду.

– Кызмончок, баары жакшыбы? – Асан тизелеп отура калып, тамырын кармады.

– Жакшы. Баарыңарды беймаза кылдым окшойм…

– Аз калды. Бу жерден кетебиз, кызым. Баары жакшы болот…

Алымкандын жомогу андан ары уланды.

***

Чөк түшүп отура калган жигит кыздын жүрөгүн тыңшады.

Ошондон  кийин  гана  кызды  жерден көтөрүп ала коюп, бооруна басты.

Кыздын колдорун оозуна алып келип, үйлөгүлөп жылыткан болду.

Тээ бир топто барып селейип каткан кызга жан киргендей, йкудан ойгонгондой эки йинин солкулдата улутунуп алды.

– Өлбө, өлбө! – деп ансайын алдастаган жигит кызды баладай алдына ала коюп,  этек-жеңи  менен  кымтылап,  ыйлап жатканы да, ырдап жатканы да билинбей, кудум бала таптагандай кыңылдап, ыргалып отурду.

Кызга   жан  кирди.  Башын  жигиттин көкүрөгүнө катып, бекем кучактап алды. Адамдын тер аралаш ысык демине мас болгондой магдырап, ушул учурдун эч качан бүтпөшүн каалады. Баягы, бала чагында апасынан качып барып, атасынын ичигинин ичинде эркелеп, жашынып алчу кездерин эстеди. Анда да атасынан так ушундай ысык илеп менен кошо тердин жыты канылжарын өрдөп, ансайын ата жытын кере-кере жыттап  алып,  бир  убакта  чуркап  ойноп кетер эле.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *