Булганган аба, бузулган ден соолук Эмне күнөөлүү: ТЭЦпи, же «эрден чыккан» автомашиналарбы?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Акыркы жылдарда аллергия өпкө, жүрөк кан тамыр ооруларынын ылдамдык менен өсүп, бул ооруларга жаштардын көбүрөөк чалдыга баштаганы борбор калаанын эмне менен дем алып жаткандыгынын ачыктан ачык белгиси. Атүгүл адистердин айтымында, ымыркайлардын жүрөктүн тубаса кемтик оорусу менен төрөлүшүнө да абанын булганышы кыйыр да, түз да таасири бар. Ушул өңүттөн алганда, Премьер-министр С.Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына» Бишкек шаарынын ЖЭБинин абага күлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшыруу менен, өкмөт булганган аба, бузулган ден соолук маселесине кайдыгер эместигин ачыктагандай болду.

“Түтүн согушу”

Абанын булганышы жеке эле Бишкек шаарына тиешелүү көйгөй эмес, ал – бүт дүйнөлүк алаамат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эрте каза болуу, акылы кем төрөлүү фактыларынын көбөйүп баратышынын бирден бир себеби абанын булганышы экенин айтып коңгуроо кагууда. Аба-суу жана жер кыртышынын булганышы боюнча Индия алдыңкы орунда турат. Айрым бир маалыматтарга караганда, калкынын саны расмий эмес эсептөөлөр боюнча 1,3 миллиарддан ашкан бул өлкөдө бир жылда эле аба менен суунун, жер кыртышынын булганышынан 2,5 миллион киши каза болгон. Бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда Кытай турат. Пакистан, Бангладеш, Түндүк Корея, Түштүк Судан, Гаити да аба-суусу, жер кыртышы  булганч  өлкөлөрдүн  катарында турат.

Индияда бир жылда эле аба менен суунун, жер кыртышынын булганышынан 2,5 миллион киши каза болгон

Европа деле жыргап кеткен эмес. Европа экологиялык агенттигинин маалыматына таянсак, 2013-жылы Евросоюз өлкөлөрүндө 430 миңден ашуун киши жүрөк, кан тамыр, дем кыстыгуу,  өпкө  рагы  сыяктуу  оорулардан улам каза болгону катталган. Ошол эле агенттиктин 2016-жылдагы отчетунда автомашиналардын түтүнү бөлүп чыгарган азот диоксидинден 71 миң адам жарык дүйнө менен кош айтышканы айтылат.

Британиялык “Лансет” медициналык журналынын илимий иликтөөлөрүнө караганда, абанын булганышы жылына 9 миллион адамдын өмүрүн алып кетет жана айлана-чөйрөнүн булганышы жылына жер шарына 5,5 триллион доллар чыгым алып келет. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча абанын булганышынан 3,7 миллион адам көз жумат. Бул эки маалыматта өтө чоң айырма болгон менен, анысы да, мунусу да көңүл сооротпойт.

Дүйнө окумуштуулары абанын булганышын “кансыз түтүн согушу” депаташат. Согуш эмей эмне? Эгер, экинчи дүйнөлүк согушта 50 миллион киши курман болгонун эске салсак, ал эми абанын булганышынан он жыл аралыгында андан көп адамдын өмүрүн алып кеткенин жөнөкөй арифметикалык эсеп менен чыгарып койсо болот. Илимий иликтөөлөр деле ошону айтат. Абанын булганышынан каза болгондорго салыштырмалуу, адамдар дүйнөлүк көйгөйгө айланган СПИД, кургак учук, безгек ооруларынан үч эсе азыраак каза болушат экен. Жадагалса, согуштарда, куралдуу чыр-чатактарда курман болгондордун саны абанын  булганышынан  жабыр  тарткандарга караганда 15 эсе аздык кылат дешет.

Аба булганууда. Эмне үчүн?

Акыркы медициналык изилдөөлөр андан  бетер  үрөй  учурарлык. Айтымында, ар бир жетинчи кишинин дүйнөдөн мезгилсиз өтүшүнө аба, суу жана жер кыртышына уулуу заттардын бөлүнүп чыгышы себепкер. Демек, Бишкектеги абанын булганышына бир гана Бишкек шаарынын ЖЭБи гана күнөөлүү эмес. Бүгүн борбор калаанын жолдору Европанын таштандыларынан келген, “эрден чыккан” автомашиналарга толгон. Дегенибиз, эгер, өнүккөн Европа мамлекеттеринде заводдон жаңы чыгарылган автомашиналардан чыккан түтүндөн ууланып, бир жылда 71 миң адам каза болуп жатса, дээрлик Европанын таштандыларынан келген автомашиналарга толгон Кыргызстанда абал кандай болду экен деген суроо өзүнөн-өзү пайда болот. Демек, күн санап өсүп бараткан жүрөк кан тамыр, өпкө, дем кыс тыгуу, өпкө рагы, аллергия ооруларында да ошол  машиналарды  ташыгандардын да,  ал  машиналарды  айдагандардын да  күнөөсү  бар  десек  жаңылышпайбыз.

Бүгүн борбор калаанын жолдору Европанын таштандыларынан келген, “эрден чыккан” автомашиналарга толгон

Бишкек шаарынын абасы аябай булганганын айткан адистер буга бир катар факторлор таасин тийгизээрин жана анын бири автомобилдерден бөлүнүп чыккан газдар болуп саналаарын, Бишкекти ТЭЦтин түтүнү эмес, мына ошол эски машиналардан чыккан ыш каптап жатканын, “абанын булганышы адамды билиндирбестен, кичинеден ууландырып, өпкө, жүрөк, кан тамыр ооруларына гана апкелбестен, адамдын башына шишикти пайда кылышы мүмкүн экендигин” айтышат.

Автомашиналардан чыккан газдардын адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири тууралуу айтып жатып, май жана газ куюучу жайлардын шаардын чок ортолорунан орун алышы да Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги факторлорунан экенин айтпай кетүүгө болбойт. Өз учурунда жалаң өз чөнтөгүн ойлогон бизнесмендердин айынан борбор калаанын ортосундагы ажайып гүлзарлар, үйлөр орун алган жерлердин баары май куючу жайларга айланып кеткен. Бүгүн ошол май куюу жайларында газ куюу жайлары да ачылууда. Мунун өзү экологиялык, гигиеналык-санитардык, коопсуздук жагынан алабызбы, Бишкек шаары үчүн арты айтып болгус катастрофага алып келүүчү жагдай экенин айтып коюуга тийишпиз.

Бишкек шаарынын өпкөсү делген шаар ичиндеги парктар, эс алуу жайлары өзүмдүк үй куруу үчүн, кафе-ресторан, оюн-зоок жайларын салуу үчүн берилип кетип, бак-дарактардын ченемсиз кыйылып кеткени да борбор калаанын абасынын аябай булганып кетишиндеги бирден бир факторлордун бири экени талашсыз. Ошол эле Ататүрк эс алуу паркын  алалы.  2005-жылдагы  март, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин парк ичиндеги мыйзамсыз берилген жер участокторун шаарга алуу үчүн аракеттер башталгандай болгон. Бирок, ал аракеттерден майнап чыкканын көргөн жокпуз. Кыйсыпыр түшкөн заманда парк түгүл, илимий изилдөө иштерине багытталган Ботаникалык бактар да четинен кетилип, ал жерлерде көп кабаттуу үйлөр салынып жатат.

Эмне кылуу керек???

Бишкектеги  ыш  маселесин  Өкмөткө же шаар бийлигине эле түртө  салбай,  таза  абадан  дем  алалы  десек,  борбор  калаанын  абасын жакшыртуу  жалпылап  күрөшүү  керек. Ырас, Премьер-министр «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына»  тийиштүү  тапшырма  берди. Адилет сынды мойнуна алган аталган компаниянын төрагасы А.Калиев бул багытта аткарылган иштер тууралуу айтып, Бишкек шаарынын ЖЭБинин абага күлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү боюнча убадасын берди. Ага азырынча ишене туралы.

«Масклара шаары» деп аталган Пекинде абанын буланычынан улам маскасыз жүрүү мүмкүн эмес

Кеп, бизнес компаниялар, бизнесмендер май жана газ куюучу жайларын Бишкек шаарынын сырт жагына алып чыгабы, ошондо. Жеке ишкерлерибиз Европанын  таштандыларынан  арзан машиналарды ташыбай калабы, алар ташып келсе да, биз ал эски машиналардын рулуна отурбай калабызбы, бул да суроолуу маселе. Мамэкотехинспекциясынын  билдирүүсүнө  караганда, Бишкектин жолдору 40-45 миң эле машинага эсептелген, бүгүн болсо шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган бусиктердин саны эле 4 миңге чукул. Жеке менчик автомашиналар канча экенин айтпай эле коелу.

Бишкек шаарынын экологиясы, абасынын тазалыгы ар бирибизге керек болсо, анда жеке колдорго өтүп кеткен парктарды, сейил бактарын, Ботаникалык бактардын аймактарын, Аламүдүн суусунун жээгиндеги жерлерди улутташтырып, шаарга кайтаруу керек. Албетте, бул үчүн саясий эрк керек, бирок улуттук генофонду, улуттун денин сактыгы тууралуу ойлонсок, ушул кадамдарга баруубуз абзел.

Түтүн бизди жеңеби, же биз түтүндү жеңебизби?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдөгү 2 миң шаардын абасынын булганышы уруксат берилген стандарттан өтүп кеткен. Арийне, ал тизмеде Бишкек шаары барбы, же жокпу аны айта албайбыз. Ошентсе да, бизге өткөн жылы абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 2%га көп болгону, өз кезегинде көмүр кычкыл газы глобалдуу жылуулукка жана табигый кырсыктардын себепкер болуп жатканы, жер шарында, анын ичинде Кыргызстанда мөңгүлөр азайып бара жатканы белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *