Курал алып жүрүү: коопсуздукпу же…

31-декабрдан 1-январга караган түнү Москва районунун Беловодск айылында каракчылыктан улам эки аял өлтүрүлүп, бир эркек киши оор абалда жаракат алган. Кол салгандар окуя болгон жерден 120 миң сомдун тегерегиндеги каржатты уурдап кетишкен. Бул окуянын алдында эле Сузакта тоноочулар үйгө кирип келип, үйдүн кожоюнун өлүп калганча мык сууругуч жана күрөк менен сабашкан. Бул окуялардан кийин кыргыз коомчулугу, жарандар өзүн коргоо максатында үйдө курал сактоого жана ок чыгарууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек экенин талкуулай башташты…

 Илинген курал атылбай койбойт

Бул окуялардан соң Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун айылдагы үйүнөн уурулар эки ок атуучу курал уурдап кеткени белгилүү болду. Анын айтымында куралдардын уруксат кагаздары болгон. Ал эми аталган үйдө эч ким жашачу эмес. Үйдү текшерүүгө келген агасы үйгө уурулар киргенин билип, мили-цияга кайрылган.

Болуп өткөн окуялардан кийин коомчулукта курал алып жүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун  иштеп чыгуу  демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул  боюнча пикириңиз кандай деген  сурообузга Зиядин Жамалдинов: “Эгерде коомчулукка мындай мыйзам керек болсо, аны Өкмөт көтөрүп чыкса туура болот. Анткени алар жакшы билеткандай болушу керек экенин. Анткен менен курал сактоого уруксат берүүгө эрте. Тыйындын эки тарабы бар эмеспи. Бир четинен жакшы. Себеби, жарандар өзүн коргогонго мүмкүндүк алат. Бирок, экинчи жагынан алганда, анда ар бир үйдө курал болуп калышы ыктымал. Мындай нерсе коомчулук үчүн, мамлекет үчүн дагы коркунучтуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул нерсени тыкыр талдап, адистер менен изилдеп чыгуу керек”, – деген пикирин  билдирди.

Журналист Эрмек Аттокуров да мындай демилгени көтөрүүгө эрте деп эсептейт.

–  Ансыз  деле куралга тыюу болуп  турган  чакта кандай окуяларга кубө болуудабыз. Кечээги Токмоктогу жана Беловодскидеги окуя буга мисал. Мындан сырткары курал көтөргөн адамга так ошол куралы үчүн көз артуу башталат. Буга депутаттын үйүнө кирген уурулардын куралды алып кеткенин мисал кылсак болот. Экинчиден, элдин аң-сезими буга жете элек. «Дубалда илинген курал спектаклдин аягына чейин атылат» деген адабий аныктаманын негизинде, куралы бар адам бир күн болбосо бир күнү аны колдонот. Кошуналардын ортосундагы кайым айтышуу деле атышууга жеткириши мүмкүн. Анткени, биздин менталитет ошондой. Мындан сырткары жасалма документтер менен ар ким каалаган ок атуучу куралга ээ болот. Элдин маданияты, сот, укук коргоо системасы азыркы абалда турганда, бул мыйзам өтө опурталдуу, – дейт ал.

Учурда  Кыргызстанда  мыйзам  боюнча  куралдын үч түрүнө уруксат берилген. Ошондой эле спорттук жана аңчылык куралдарды сатып алууга болот. Калган куралдын түрлөрүн кыргызстандыктар коллекциялык максатта гана колдоно алышат.

 Өзүн коргоо максатында жарандарга ок атуучу куралга уруксат берүү керекпи?

Эрлан КАЧКЫНОВ, мугалим:

Албетте, өзүн коргоо  максатында уруксат берип койсо болот. А бирок бизге мындай нерсенин кереги жок. Анткени, кылмыштуулук көбөйүп кетүүсү ыктымал. Мылтыктын анты бар деп айтып  коюшат  эмеспи. Анын сыңарындай турган  курал  колдонулбай койбойт. Кандай учурда колдонулат, бул башка маселе болуп калат.

 Нурлан ТОКТОСУНОВ, Бишкек шаарынын тургуну:

Курал сактоого уруксат бербей эле милициянын ишин жакшыртыш керек. Себеби, азыр “тез жардамга караганда пицца тез келет” деген сөз бар. Ошондуктан укук коргоо органдарынын ишин жакшыртса эле, баары жакшы болот деп ойлойм.

 Сүйүнбай КУДАЙБЕРДИЕВ, жашылдандыруу кызматкери:

Өзүн коргоо максатында  деген болбой калат. Себеби, жарандардын  коопсуздугун сактай турган органдар  бар.  Демек, бизге кереги жок. Курал бергенден кийин ар кандай учурлар болуп кетиши мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *