Учактын үнү угулса эле калчылдап, качан басып калат деп жакабызды кармачу болдук. Дача-СУ: авиакырсыкка 1 жыл

Өткөн жылдын 16-январында таңкы саат 7:15терде жүк ташуучу Боинг – 747 учагы “Манас” аэропортунун конуу жолуна жетпей, Дача-СУ айылынын үстүнө кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 39 адамдын (35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү) өмүрү кыйылып, 15 киши жабыр тарткан. Каза тапкандардын ичинен 12си жаш балдар болгон. Алар эч нерседен бейкапар, таттуу уйкуда жаткан бойдон, түбөлүк уйкуга кете беришкен…

Мына ошол каргашалуу кырсыктан бери бир жыл өттү. Ал арада каза тапкандардын жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү. Турак жайы жарактан чыгып аман калгандар башка жерге көчүрүлдү. Ошондой эле, кырсыктан каза тапкандардын жакын туугандары Анталия шаарына барып, эс алып келишти. Бул сапарды түркиялык авиакомпания уюштуруп, кеткен чыгымдарды өздөрү көтөрүштү. Мындан сырткары, АТС Airlines авиакомпаниясы Дача – СУлуктарга компенсация төлөп берди. Бирок, жабыр тарткан адамдардын суроо-талабы боюнча ким, канча өлчөмдө компенсация алганы ачык айтылган жок. Томолой жетим калган балдарга депозиттик эсеп ачылып, акча банктарга которулган.

“Учактын үнү угулса, качан басып калат дечү болдук“

Ал эми калган жашоочулар аман калгандарына шүгүр кылып, жашоолорун улантышууда. Бирок, коркунучтун кучагында. Дача – СУлуктар дагы деле кырсыкты унуту-ша элек. Ошол күнкү боз туман, түтүн, жалындаган от, кыйраган үйлөр, кыйкырган үндөр, өлүп жаткан денелер ж.б. ар биринин көз алдында. “Бизге самолеттун учканы дапдаана угулуп турат. Мурда анын учуп жатканына маани деле берчү эмеспиз. Анткени, ал бизге кадыресе көрүнүш болуп калган. Жолдон машина өтүп кеткен сыяктуу эле кабыл алып калганбыз. Бирок, былтыркы кырсыктан кийин катуу коркуп калдык. Учактын үнү угулса эле калчылдап, качан басып калат деп жакабызды кармачу болдук”, – дейт жергиликтүү тургундар.

“Коопсуз жайга көчүп кеткибиз келет”

“Коопсуз жайга көчүп кеткибиз келет. Бирок, оюбуз жеткен менен колубуз жетпейт. Жатсак-турсак кудайдан амандыгыбызды тилегенден башка чарабыз жок. Былтыр көчүрөбүз дешти эле. Бирок, эч кимибиз козголо элекпиз”, – деген жашоочулар жер которолу дегенде эки көздөрү төрт экенин жашырышпайт. Өзгөчө, короо-жайынын жарымын учактын канатына кайрыткан кошуналар: “Эми мындай  кырсык  болбойт деп  эч  ким  кепилдик  бере албайт.  Ошондуктан,  жок дегенде сүрүлгөн үйлөрдүн катарында  калган  тамдардын дагы 2-3 катарын алдырып, полоса кылып коюшса жакшы болмок. Ансыз да жер силкингенде жанындагы бүтүн калган үйлөрдөн канча деген жаракалар кеткен”, – дешет.

“Ошондогу окуялар түшүмдөн кетпей жүрдү

Дегеле Дача-СУлуктар бул окуяны эстегилери келбейт. Алар дал ошол күнү жакындарынан, жакшы кошуна-ларынан ж.б. айрылышты. Жан берип жаткан маркумдарды өз көздөрү менен көрүштү. Ал тургай тез жардам кызматы менен куткаруучулар келгиче, учактын алдында калгандарды алгачкылардан болуп таап, алып чыккандар жергиликтүүлөр болушкан. Алардын бири Бейшембиев Кудайберген: “Кышында катуу суукта бардыгыбыз жылыткычтарды иштетип, трансформаторубуз туруштук бере албай жылда күйүп кете берчү. Тарс-турс, даң-дуң деген үн чыгып, свет өчүп калганынан трансформатор өрттөнүп кеттиби деп эшикке чыксам, учак кулап кыпкызыл жалын болуп күйүп жатыптыр.

Кошуналарыма кошулуп мен да жардамга чуркадым. Милиция, ӨКМдин кызматкерлери келгиче 5-6 адамдын денесин таап чыгарганга катышып калдым. Кийин ленталарды тартып, бизди сыртка чыгарып, киргенге тыюу салып коюшту. Ошондогу окуялар көпкө чейин оюмдан да, түшүмдөн да кетпей жүрдү. Айрыкча 7-8 жаш чамасындагы бир баланы таап чыгып, чачылып жаткан жууркандардын бирине орогонумду унутпайм. Жылый түшсө көзүн аччудай сезилген болчу. Тилекке каршы андай болгон жок…” деди.

Эстелик коюлуп жатат

Учурда Дача-СУдагы учак кулап түшкөн аянт толугу менен тазаланып бүткөн. Жакындан бери айланасы бетон менен тосулуп, жолдун боюна курман болгондордун элесине арнап, артында калган жакын туугандары эстелик коюп жатышат. Анын ачылышы авиакырсыктын бир жылдыгына карата пландалууда. Буга чейин маалым болгондой, эстелик мрамор таштан жасалып, ортосуна учактын канаты кулап келаткандай элес камтылмак. Эки жагына каза болгон-дордун тизмеси түшүрүлмөк.

Ал эми расмий эмес маалыматтарга таянсак, мурдагы үйлөрдүн ордуна жаз алды менен бак-дарактар тигилип, отургучтар орнотулуп, эскерүү аллеясы ачылмакчы. Учак кулап түшкөн аянттагы 28 үй дээрлик жарактан чыгып, 1 үй аман-соо калган. Учак дал ошол үйгө чейин сүрүлүп келип, бактыга жараша үйгө бир аз гана жетпей токтогон. Биз барган учурда, жумушчулар иштеп жатышкан экен. Айтымдарында ал үй күзөткана болмокчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *