Бурулкан ЖУМАЛИЕВА: «Балдарымдын өмүр жашын Султаныма берсин» 

16-январдагы авиакырсыктан Дербишалиев Азамат келинчеги, бир кызы, бир уулу менен каза таап, 7 жаштагы баласы Султан сабакка кетип аман калган. Султан учурда чоң атасы менен чоң апасынын колунда тарбияланууда. Жумалиева Бурулкан небересинин жакшы окуп жана ар кандай кружокторго барып жатканын айтат.

– Бурул апа, Султан кандай?

– Жакшы. Манас айылындагы  мектепгимназияда  2-класста окуп жатат. Чейректери жалаң 5  чыкты.  Мектептен  сырткары,  шахмат  кружогуна  барат, күрөшкө катышат. Эми жакында англис тили боюнча курска бара баштайт.

– Ата-энесин эстеп, сурайбы?

– Кантип эстебесин, жок экенин билет, түшүнөт. Тамак кылып жатсам, жаныма келип апам мындай жасачу, тигиндей жасачу деп айтып калат. Байкуш келиним Наргиза ашканага абдан жакын болчу. Тамактын түрүн жайнатып жасачу. Колу да берекелүү болчу. Жакшы сөз айтып, мактап койсоң жаш балача кудуңдап сүйүнөр эле.

– Уул-келиниңиз канчадан бери Дача-СУда жашачу эле?

– Аз эле болгон. Балам “Авангард” курулуш фирмасында иштечү. Келиним “Кут билим” гезитинде корректор болчу. Уулумду “Манас” аэропортуна жумушка киргизмек болуп, бирөөнүн үйүнө эле көчүрүп барганбыз. Мындай болорун билгенде эмне… Тагдыр экен, буйрук экен. Амал жок. Калган жашын Султаныма берсин.

– Небереңиз ошол маалда мектепте болчу ээ?

–  Ооба.  Келиним  Султанды мектепке  узатып  келип,  эшикте жүргөнүн, баламдын короодо отун жарып жатканын кошуналары көргөн экен. Кырсык деген неме каш-кабактын ортосунда турбайбы. Ары-бери деле кача албай калышкан окшойт. Анын үстүнө менин  балам  жашаган  үйдүн үстүнө  биринчи  кулап  түшкөн экен. Денелери бырчаланып, майдаланып  кетиптир.  Жада  калса, жерге  берерде  маңдайларынан сылап,  беттеринен  өбө  алган жокмун.

– Кайрат кылыңыз, апа.

– Дагы кызымдын аман калганына шүгүр.

–  Кызыңыз  дагы  ошол жерде жашачу беле?

– Ооба. Дача-СУда кайнимдин үйү бар болчу. Алардыкында киши жок, кызым, күйөө балам экөө жашап жатышкан. Кудайдын кудурети менен алар аман калышты. Ошого ыраазымын.

– Элден чогулган акчалай жардамдан алдыңыздарбы?

– Элге рахмат. Элден айланам. Ошол кайрымдуу адамдардан топ-толгон  акчаны  комиссия  бөлүп берди. Ал акчага биз Султанга деп элиталык  үйлөрдөн  батир  алып койдук.

– Түркиялык авиакомпания да компенсация төлөп берди да?

– Алар каза болгон баладан мураскер калыптыр деп, Султандын атына депозиттик эсеп ачып, акчаны ошол жакка которуп беришкен. Аны Султан 18 жашка толгондо гана колдоно алат. Бирок, акча, үй, менин баламдын, келинимдин, 2 неберемдин ордун эч качан толуктай албайт. Жараткан балдарыма жаннаттан орун берген болсун!