Ысык-Көлдө үй өрттөнүп, эки адам каза болду

Ак-Суу районунун Тегизчил айылында бир үйдөн өрт чыгып, эки адам каза болгондугун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

«Турак-жайдын полу жана үй эмеректери күйгөн. Кырсык болгон жерден 69 жана 54 жаштагы эки адамдын сөөктөрү табылды», — деп айтылат билдирмеде.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тамеки тартууда өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес.

Булак: Спутник