Радиого алданган угарман, жер сатып алган айым. Юрист суроолорго жооп берет

Редакциябызга ар кандай көйгөйлүү маселелер боюнча кеңеш сурап кайрылган окурмандарыбыз да көп. Мындан ары ушул сыяктуу суроолор болуп калса, аларга гезит бетинен да жооп бергенге аракет кылабыз. Анткени мындай суроолор башка окурмандар үчүн да кызыктуу жана пайдалуу болуп калгысы бардыр. Суроолоруңуздар болсо редакциябызга кайрылсаңыздар болот. Ал эми сизди канааттандыра турган жооп даярдап бергенге биз дайым даярбыз.

 – 15 жыл мурда жер сатып алгам. Аны саткан кемпир-чал өтүп кеткен. 1 небере кызы бар. Жерди кантип өткөрүп алсам болот? (АЙЫМ).

– Эгерде сиз сатып алган жер тилкеси кемпир-чалга таандык болсо, анда аны мурас катары небере кызына каттатуу керек. Андан соң ошол кыздан өзүңүзгө өткөрүп алсаңыз болот, ал макул болсо. Сот аркылуу аракет жасап көрсөңүз да болот.

* * *

– Менчик базарда 20 жылдан бери ижара жана патент төлөп отурабыз. Ижара жылдан-жылга кымбаттайт. Бизге, 21 жыл иштегендерге жеңилдиктер болобу? (ЧУБАК).

– Сизге жеңилдик болбойт, анткени жеңилдик болуш  үчүн  сиз  өз  убагында  соцфондго  да  акча төлөп турушуңуз керек эле. Ал эми ижара акысынан жеңилдик сурасаңыз, анда ошол жердин ээсине кайрылыңыз.

* * *

– Мекеме айлыкты дайыма кечиктирип берсе, эмне кылыш керек? (ДӨӨЛӨТ).

– Айлыкты дайыма кечиктирип берсе, мыйзам чегинде чара көрүш керек. Анткени мыйзамда эмгек акыны негизсиз кечиктиргендиги үчүн пеня кошуп төлөө каралган, ар күнүнө 0,15 пайыздан.

* * *

– Биздин чакан бизнесибиз бар. Эч кандай ЖЧК же ЖИ ачып, каттоодон өткөн эмеспиз. Учурда пайда түшө элек. “Салык төлөгүлө!” дешсе, эмне кылабыз? (АСЕЛ).

– Эгерде салык төлөгөнгө милдеттүү болсоңуз, төлөш керек. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ыктыярдуу патент менен иштесеңиз да болот.

* * *

– Кыргызстандагы бир радиодо жакшы белектерди ойнотушат. Бирок СМС билдирүү жөнөтүүгө жана чалууга абдан көп акча кетет. Анысы мейли, эгер сен чалып жатканда, башка бирөө да чалып жаткан болуп, “Бош эмес” болуп калса деле, акча алат. Мен ошентип 10дон ашык жолу чалсам, “Бош эмес” болгон жана ошого 800 сомдон ашык акчам короп калды. Бул жерде кимдики туура жана кимдики туура эмес. Ушул туурасында кенен маалымат бересизби?

(АИДА).

– Алдамчыларга алданып, кайра-кайра телефон чалган сиздики да туура эмес. Мындан кийин чалбай койсоңуз эле, акчаңыз жаныңызда калат…

Суроолорго жооп берген Аскарбек НАСИРДИНОВ, “Кыргыз Туусу”