«Дарак  ырдайт…»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


1-марттан тартып борборубуздун бардык кино театрларында «Дарак ыры» аттуу тарыхый дастан, Кыргызстандын кино тарыхындагы биринчи кино-мюзикл көрсөтүлө баштайт.

 Кино кимдер үчүн?

Тасманын  режиссеру  менен продюсери маалым кылгандай, бул толугу менен эксперименталдуу кинотасма болуп саналат. Бул тууралуу: “Автордук (арт-хаус) тасма тартып жүргөн режиссерлордун бардыгы: «Мындай көркөм тасманы эч бир фестиваль кабыл албайт, тартпай эле кой»? – дешти. Муну фестиваль үчүн эмес, элим үчүн тарттым», – дейт ал.

Киного кимдер тартылган?

Кинодогу башкы каармандардын бирине Казакстандын жаш, белгилүү ырчысы жана актриса – Салтанат Бакаева чакырылган. “Кастинг болуп жатканда аябай кыйналдык. Себеби көп ролдорго ырдай алган, ат чаба билген актерлор керек эле. Ошондуктан кээ бир ролдорго актерлорду бул жактан таппай, Казакстандан да издештирдик. Ошентип эки ролду казакстандык актерлер ойноп берди. Алар казак тилинде ойношту, кийин ага биз кыргыз тилинде үн коштойбуз. Ал эми Казакстанга тасманы тартуулаганда кыргыз актерлоруна казакча үн коштойбуз”, – дейт режиссер.

Тасмадагы башкы ролдордун бирин ойногон таанымал актер Темирлан Сманбеков биринчи чоң ролду аткарышы. Андан сырткары, башкы ролдордо кыргыз драма театрынын артисттери Өмүрбек Израилов, Таалайкан Абазова ж.б. бар.

Кино эмне жөнүндө?

Режиссёр Айбек Дайырбеков менен продюсер Толкун Дайырбекова маалым кылгандай, окуя кыргыздардын он сегизинчи кылымдагы жашоо-турмушун, ошол кездеги салт-санаасын, чагылдырып, негизинен сүйүү жөнүндө, адам менен жаратылыштын  ортосундагы  мамиле жөнүндө баяндап, эл ичинде ооздон-оозго айтылып калган уламыштардын негизинде тартылган. Айбек Дайырбеков  фильмдин  сценарийин жазуу үчүн жети жылга жакын изденген.

Ушул  кино  тууралуу  идея 2009-жылы  Съездбек  Искеналиев  менен  Замир  Арыкбаевдин  “Даткайым”  ырына  клип тартып  жатканда  пайда  болгонун, ушул стилде толук метраждуу фильм тарткысы келгенин  айтат.   Ошондон  улам өзүнүн  чоң  апасынын  айтып берген окуясын сценарий-дин негизи катары колдонгон.  “Бул  уламыш  менин ата-бабаларымдын  башынан өткөн окуя десем да болот.  Бирок  сценарий  мыкты болсун үчүн кийин кино тармагында  тажрыйбалуу Садык  Шер-Нияз  агабызга кайрылууга туура келди жа-на экөөлөп жазып чыктык”, – дейт ал.

Айтмакчы, кинону көркүнө чыгарган дагы бир табылга – Табылды Актановдун күүсү экенин айтат. “Табылды байкени башкы ролдордун бирине алалык деп жатканбыз. Сүйлөшүп отуруп: “Менин 25 жылдан бери жазып келаткан “Байыркы күү” аттуу күүм бар”, – деп айтып калды.

Дароо эле жактырып, жаздырып калдык, кинобузга ушундай жарашты”, – дешет киночулар. Бирок Табылды Актанов өзү ооруп калгандыгына байланыштуу тасмага тартыла алган эмес. Мындан сырткары белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын 13 ыры бул кинодо колдонулган. Дагы  бир  айырмачылыгы,  үн  жазуу  Санкт-Петербургда ишке ашырылат жана бул кино Кыргызстанда Dolby системасында жазылган эң алгачкы  тасма  болот.  Анткени,  буга  чейин  мындай  үн жазуу бир гана фестивалдарга бараткан кинолордо болчу.

Канча каражат кеткен?

Бул кинону тартуу үчүн жалпы 220 костюм тигилген. Башкы каармандардын кийимдерин бүт колго тиктик. Ошондой эле кийимдердеги айырмачылыктарды да эске алдык. Менимче, көрүүчүлөр дароо эле байкашат болуш керек», – дейт продюсер.

Продюсер билдиргендей, кийимдердин кездемелери да атайын Түркиядан алынган. “Анткени XVIII кылымда азыркыдай кытай кездемелери болгон эмес. Ал доор дун кездемелерине окшош барча, жибектер биздин базарлардан табылбайт”, – дейт Толкун Дайырбекова.

Ошентип, кинону тартуу үчүн баш-аягы болуп 250 миң доллар сарпталган. Албетте, мындай чоң, болгондо да тарыхый-дастан үчүн бул сумма аз. Бирок: “Кино тартуу үчүн биз үйүбүздү күрөөгө коюп, банктан насыя алдык”, – дешет жубайлар.

Режиссер Айбек Дайырбековду коңшу Казакстандын кино ышкыбоздору да жакшы билишет. Анткени, ал “Казакфильм” киностудиясы тарабынан тартылып, азыркы тапта популярдуу болуп турган “Айман Шолпан” аттуу кино-сериалдын режиссеру. Ал: “Казакстанга чакыруу менен барып, алты кино сериал тарттым”, – дейт. Ошондой эле А.Дайырбеков Казакстанга барып иштеп келүүсү анын чыгармачылык тажрыйба топтоосуна чоң жардам бергенин да айтат.