Бишкек-Ош жолунда эки бензовоз оодарылып, 26 тонна күйүүчү май төгүлдү

Кечээ, Бишкек-Ош унаа жолунда дароо эки күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кеткен. Натыйжада жолго 26 тоннага жакын күйүүчү май төгүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи унаа түшкө чукул жолдун 422-чакырымында катталган. Жеринде куткаруучулар жана өрт кызматы келишкен. Алардын маалыматы боюнча, жолго бир тоннага жакын май төгүлгөн

Экинчи кырсык болжол менен кечки саат 9га жолдун 326-чакырымында катталган. Экин жол кырсыгынын натыйжасында жолго 25 тоннага жакын күйүүчү май төгүлгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.