«Ош» аэропорту ишин жандантты

Эл аралык «Ош» аэропорту саат 12:00дөн тарта ишин жандантты. Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, «Ош» аэропорту калың тумандан улам учактарды кабыл алууну жана учурууну убактылуу токтоткон.

Каттамдар боюнча «Ош» аэропортунун 0 (3222) 9-01-01 сурап-билүү телефон номери аркылуу тактоого болот.