Мас киши бөтөлкөлөшүн бычактап салган

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) басма сөз кызматы билдирген маалыматына ылайык, Бишкекте ичимдик менен коштолгон отуруш 38 жаштагы эркек кишинин өлүмү менен аяктады.

Анда маалым болгондой 14-январда эки эркек жана бир аял ичимдик ичип отурушкан, жөнөкөй отуруш барып чырга, андан соң мушташка айланган.

“Натыйжада эркек кишинин бири бөтөлкөлөшүн көкүрөгүнө жана далысына бычак менен сайган. Жабырлануучу ооруканага бара жатканда каза болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча “адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.