Карды атайылап түшүрүү зарылдыгы пайда болду

Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкү коркунучу бар жерлерде аткылоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-январынан 22-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан

Кар көчкү түшүрүлүп жаткан аймак убактылуу жабылып, артиллериялык куралдын жардамы менен топтолгон карды аткылоо иштери 16-январдан 22-январына чейин жүргүзүлөт.