Нурсултан Назарбаев АКШга расмий сапар менен барды

Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн расмий сапар менен Вашингтонго барды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурсултан Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп, расмий өкүлдөр жана ишкер топ менен жолугушат. Муну менен катар Назарбаев БУУнун Коопсуздук кеңшинин жыйынына катышат. Буга чейин Ак Үйдүн маалымат кызматы эки президент аймактык коопсуздук, экономикалык маселелер менен бирге АКШ-Казакстан карым-катнашын, Ооганстандагы жагдайды талкуулашарын жазган. Бул казак президенти Назарбаевдин АКШга жетинчи визити. Ал Кошмо штаттарда 16-18-январь күндөрү болот.