Театр сүйүүчүлөрү үчүн: «Керээз» спектаклинин премьерасы болот

23-24-25-январь күндөрү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кайрат Иманалиевдин калемине таандык режиссёр Марат Козукеев сахналаштырган «Керээз» (Боромбай бий) спектаклинин премьерасы болот. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Аталган спектакль 18-кылымдагы Кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхий инсаны Боронбай Бекмурат уулунун ой дүйнөсүн чагылдырып,  алп акын Арстанбекти Анжыяндан Ысык-Көлгө алып кеткени, Кыргыздардын курултайы, Ормондун хан шайланышы, Россиянын курамына кошулуу саясаты жана башка курч сюжеттер окуялардын негизин түзөт», — деп айтылат маалыматта.