Бишкек-Ош каттамы үчүн учак билети арзандайт
Бир катар авиакомпаниялар аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүүдө «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтөт. Бул тууралуу Өкмөттөн маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, «Бишкек-Ош» каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат.
Мындай учурларда Төө-Ашууда жана «Бишкек-Ош» унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет.
Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрү катары авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык ишке аша баштайт.