Премьер-министр Дүйнөлүк экономикалык форумга катышат

Өкмөт башчы Сапар Исаков Давосто (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышат. Бул маалыматты  Өкмөт башчынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, сапар 2018-жылдын 23-26-январь күндөрү болот.

Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форуму (The World Economic Forum) салттуу түрдө 1971-жылдан бери дүйнөдөгү эң көйгөйлүү жана манилүү маселер талкуулана турган аянтчага айланган.