Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Мына эми да, бардык жагымсыздыктан жашынып алгандай, эреркеп, бул жашоодо ушул мээримден өткөн мээрим, ушул жылуулуктан өткөн бакыт, жигиттин кучагынан өткөн керемет, ажайып дүйнө жок эле ага.

Жигит да жер алдына түшкөн убакытты кой, деги эле эрезеге жеткенден тарта минтип, болгондо да кыз балага эбедейи элжиреп, болгон мээримин төгүп, эркелетип көрө элек болчу.

Канча курдай Күнайымды бооруна тарткысы, жандүйнөсүнө сыйбай толуп-ташкан сүйүүсүн, мээримин, денесинин от-жалын болгон ысыгын ага арнап, кучактагысы келгени менен, кыздын салкын мамилеси аны көкүрөктөн түртүп, жанына жуутчу эмес. А бирок ал өлгөндөн кийин да көксөөсү суубай, үстүндөгү боз топуракты кучактап жатып, боюндагы болгон жылуулугун, мээримин, сүйүүсүн, жашоого болгон дараметин дагы ошол ным топурак соруп, сиңирип алгандай болгон. Мындан ары ошол муздак, мерез нерседен башканы – жылуулукту, жандуу сезимди, жүрөктүн турсүлдөп согушу менен кан тамырлардын бүлкүлдөп кагышын эч качан сезбей калгандай туйган. Өзү да ошого ынанган, ошого макул болгон. Качан гана, кудум Күнайым жер алдынан суурулуп чыгып, аны жашоо үчүн күрөшкө чакырып, шыктандырып жаткансып, сыйкырдуу кайрыктары бар “Бакыт күү” сыбызгып, сыздай баштаганда ал караңгы, суз дүйнөдөн бери баштанып, жашоо али бүтө элек экенин, дагы күрөшүү, аракеттенүү керек экенин сезбедиби.

Койнундагы кыздын бүлкүлдөп соккон жүрөгүнүн кагышын жүрөгү менен тыңшап отуруп гана, бир далайдан соң көздөрүн ачты. Ошондо гана кучагындагы кыздын Дүрайым экенине муюду. “Бул бечарада эмне күнөө? Бул да мендей бир шордуу… – деди оюнда кызды да, өзүн да актап. – Мында эмне күнөө?”

Кызды  бооруна  бекем-бекем  кысып, саамайынан кайра-кайра жыттап, көзүнөн булактап куюлган жашты токтотууну ойлобой да, ушу азыр ыйдын да кандайдыр ырахаты бар экенин сезгендей термелип, отура берди.

Көздөрүн жумуп алган кыз да ошону сезди. Анын анда-санда баладай эчкирип алып, кучагына бекем жабышып, эки ийнин бүлкүлдөтө ыйлап отурганы жигитке жагып турду. Бул ага жашоонун али бүтө элек экенине каниет кылдырып, өчүп-жанып үлпүлдөгөн үмүтүнө кубат берип жатты.

Жигит минтип канчага отура берет эле, ким билет. Бир убакта ыйы басылып, тынчып калган кыз акырын ээгин көтөрүп, жигитти карады.

Сакал-муруту  өсүп,  бети  түктүйүп, көздөрүнүн алды баштыкча болуп шишип, демейдегиден алда канча арыктап, жүдөп, улгая түшкөнсүп көрүндү.

Анткен  менен  Дүрайым  үчүн  ал  – жалгыз  эле!  Бул  дүйнөдөгү   жалгыз  жагымдуу,  боорукер,  күчтүү,  теңдешсиз болчу!

Көздөрүн ала албай, көпкө тиктеп турду да, колун жигиттин мойнуна ороп, ээгинен өптү.

Ошол ирмем, ошол күндөн тарта алардын жашоолорунда “эки бакыр – бир тукур” болуп, бурулуш башталып, антсе да күндө бир маал жетелешип келип, Күнайымга дуба кылып кетип жүрүштү.

Канчалык билгизбегенге аракет кылганы менен, ушул учур бирок Дүрайымга жакчу эмес. Зумураттын көзүнүн жашын көрсөтүп да, көрсөтпөй да сызылып ыйлай бергени аны азапка салчу. Жандүйнөсү жанчылып, кызганычтан кээде Зумураттын өзүн да жек көрүп, кайра өзүн-өзү алдап: “Мен эмне болуп жатам? Күнайым жок да… Эмнеге кызганам?” – дегени менен курбусу анын сүйүүсүн уурдап, бекитип алып жаткандай ызалана берчү.

Күндөрдүн биринде чак түштө эле куш уйку сала койгон Дүрайымдын ачуу чыңырыгы селт эттирди.

– Эмне болду?! – өң-алеттен кетип, көзү алайган келинди бооруна кысып:

– Түш көрдүңбү? Баары жакшы. Мына, мен жаныңдамын. Коркпо… – деп анан тамашалаган болду:

– Баламдын жүрөгүн түшүрдүң го? – деп алаканын келиндин төмпөйгөн курсагына койду.

– Жылан! – деди Дүрайым.

– Жылан? Кайда жүрөт? – жанагыдай эле тамашалаган болуп, эки жагын каранды  жигит,  –  Көрсөтчү  мага.  Дароо  кармап, шишкебек кылып берейин. Өткөндө “дагы  болсо”  деп,  тамшанып  калдың  эле го?

– Жок, кереги жок! – Дүрайым жигитти кучактап, көздөрүн жумду.

– Жыландын болгону экөөбүзгө жакшы. Айттым го, жалгыз болбойт эле, кайсы бир жерде дагы болуш керек деп. Балким жаңыдан келип жатышкандыр. Бу жерде бизден башка да жандуулардын жүргөнү бизге караан болот. Эми жайына коёлу, көбөйө берсин. Анан бу туюкбай төрөлсө, чекесинен кармап, бы-шырып жей беребиз…

– Түш көрдүм, – жигиттин сөзүн бөлдү келин.

– Жылан түшкө киргени жакшы болот.

– Уксаң…

–  Болду  эми.  Экөөбүз  күчтүү  болушубуз керек да. Түшкө эле ушунча боло берсек…

– Үстүгө качан чыгабыз? – жаш каканактаган көздөр менен жалооруй карады келин.

–  Менин  деле  оюм  ушул,  каалаганым ушул, – аргасы калбагандай унчукту жигит.

– Бир айла кылбайлыбы? Кантип жашайбыз? Балабызды кантип багабыз? Эки асканын ортосунда кыпчылбай, жок дегенде бир

аз кененирээк жер болсо эмне?.. Күндүн көзү көрүнсө эмне? Балабыздын бу жерде калышын каалабайм.

– Калбайт… – оозу бош унчукту жигит.

– Түшүмдө быкпырдай кайнап, үймөлөктөшкөн  жыландардын  арасында жүрүптүр…

Түшкө эмнелер кирбейт. Болду эми, – деген менен Зумурат ушул окуяга кабылардан бир-эки жума мурун, энесинин: “Балам, түндө бир жаман түш көрдүм. Жанагы зоңкулдактын түрү жакпай жүрөт. Силерге залакасы тийбей, деги өз өз башы менен кетсе экен. “Чөптү деле кордосо көзгө зыян” дейт. Бирөө-жарымга кыянаттык кылбасаңар болот эле”, – дегенин эстеди. “Зоңкулдак” дегени, ошол маалда: “Баланча деген жерде Күнайым деген сулуу бар экен. Жай чилдеде кар жаадырып, кыш чилдеде булбул сайратат имиш. Андай экени чын болсо, ал бизге кызмат кылууга тийиш, ал – биздики болууга тийиш! Тактап айтканда, меники болот! Бирок бизге алар бере коет дейсиңерби? Жок! Ошондуктан биз аны башкача жол менен алып келебиз!” – деп дөгүрсүп турган маалы болчу.

(Уландысы бар)

3 thoughts on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

  • Январь 16, 2018 at 3:15 пп
    Permalink

    эмне мынча аз жазасынар? ушунча куттургондон кийин коооп эле жазсанар боло айланыйдар

    • Январь 16, 2018 at 5:38 пп
      Permalink

      Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз! Гезитте берилген орун аз болгондуктан, аз болуп калып жатат.

  • Pingback: Жыландын сүйүүсү (3-китеп) - Кыргыз Туусу

Комментарии закрыты.