УКМК: Теракт жасоону ниеттенген террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Жихад идеясын колдогон эл аралык террордук топтун 23 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран эл аралык террордук уюмдардын жашыруун ячейкаларын аныктап, ишин токтотууга багытталган контртеррордук иш-чаралардын алкагында 30-декабрда колго түшкөн.

Учурда Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды сактоо, даярдоо жана жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалды.